Бүгүн Бишкекте Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши өтөт 

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстан – Малайзия футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши өтөт.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.

2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун турнири алкагында өтө турган мелдеште кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойношот.

Кыргызстан – Малайзия беттешине президент Садыр Жапаров күйөрмандык кылат.

Күн мурун улуттук кураманын аталган стадиондун футбол талаасында расмий машыгуусу болгон. Анда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы беттешке ийгилик каалаган эле.