2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 17 миң 132 жаранга пенсия чектелди.
Социалдык фонддон билдиришкендей, анын ичинде март айында 5 423 жаранга пенсия дайындалды.
Мындан тышкары, бул аралыкта эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 377 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.