
Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды.
КФСтен билдиришкендей, бүгүн, 27-февралда жыйында Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Аткаруу комитетинин кароосуна Сыдыков Медербек Абдыкалыковичтин талапкерлигин сунуштады, анын талапкерлиги комитет мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды.
Медербек Сыдыков жаңы кызматка бүгүн, 27-февралдан тарта киришет.
Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматын аркалап келген.