Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде санариптештирүүнүн артыкчылыктары тууралуу пикирин билдирди.
— Сиздин дайыма планшет же ноутбук колдонгонуңузду көрүп жүрөбүз. Айрым жарандардын “колунан планшети түшпөйт” деп сындап калганын да угабыз. Планшетти качантан бери колдоносуз жана анын кандай артыкчылыктары бар?
— 2007-2008-жылдардан бери колдоном. Ал кезде интернетке кирип туруш үчүн көбүнчө Айфон (iPhone) телефондорун колдонот элем. Кийинчерээк айпад (IPad), ноутбук колдонгонго өттүм. Көп иштерди аткарууда бул заманбап техникалар абдан ыңгайлуу. Кагаз-калемдин кереги жок. Ичинде бардык маалыматтар бар. Архивди ачып бир сыйра карасаң, тээ 5-10 жылдан берки керектүү маалыматтарың сакталуу турат. Дайыма жаныңда: каалаган убакта каалаган маалыматыңды, каалаган материалыңды таап аласың.
Мындан сырткары, “заметкага” күнүмдүк иштерди белгилеп жазып койсоң, ал эч нерсени унуттурбайт. Эртең менен ача салып, “бүгүн өкмөткө, министрликтерге жана аймактарга кайсыл тапшырмаларды бериш керек, кандай иштерди жасашыбыз керек, ички-тышкы саясатта кандай маселелерди аткарышыбыз керек” деп белгилеген эскертмелерди карап, ишиңди ирээттеп турасың. Ошого жараша баарына тапшырмаларды бересиң. Иштер тез-тез бүтөт.
Андан сырткары, “Кумтөр” сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун, Кырдаалдык борборду ушул жерден эле онлайн режимде түздөн-түз көрүп турам. Мунун артыкчылыктары ушунда.
Биз эми 21-кылымда жашап жатабыз да. Өкмөттө иштегендердин баарына “кагазды унуткула, санарипке өткүлө” деген талапты 2 жылдан бери коюп келатам. Тилекке каршы, айрым министрликтер эмдигиче толук өтө алышпай, аксап келатышат.
Ал эми “колунан планшети түшпөйт” дегендер – замандан артта калгандар, компьютердин, заманбап техникалардын баркын билбегендер. Андайларга көңүл деле бурбайм.
— Санарип деп калдыңыз, Өкмөт санарипке эмне үчүн толук өтө албай жатат? Толук өтүп алышса, бир топ үнөм болот эле да. Биздин билишибизче жалпы республика боюнча алганда жылына эле 400 миңден ашуун А4 форматындагы таңгак кагаз, 1 млн 760 миңден ашуун калем, карандаш колдонулат экен. Аларды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 2022-жылы 441 млн сомдон ашуун каражат сарпталыптыр. 2023-жылы болсо, 230 млн сом акча жумшалыптыр. Санарипке толук өтүп кетсе, бул каражаттар үнөмдөлүп, бюджетте калат беле… ?
— Эң туура айтасыз.
Өзүңүз айтып аткан бюджеттик чыгымдар 2022-жылкы 441 млн сомдон 2023-жылда 230 млн сомго азайып, бир жылда дээрлик эки эсеге кыскарганын көрүп турбайсызбы. Бул деген сөз өкмөттүк мекемелердин жарым жартылайы санарипке өттү дегенди билдирет. Эгер толук өтсөк, былтыркы кеткен 230 млн сом да үнөмдөлөт.
Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдүн баары санарипке өтүшкөн, билесиздер. Смартфон же үйдөгү компьютер аркылуу эле иштерин бүтүрүшөт. Мисалы, бизде бир маалым-кат алыш үчүн азыр деле айыл өкмөткө же калкты тейлөө борборлоруна барышат.
“Түндүк” түйүнүнө катталып ал да, үйүңдө олтуруп эле каалаган маалым-катыңды ала бер. Үйүңдө олтуруп эле коммуналдык кызматтардын акысын компьютер же смартфонуң аркылуу төлөп коё бер. Буга азыр бардык шарттар бар. Болгону элибиз өздөрү бир аз аракет кылып коюшу керек. “Түндүк” түйүнүнө катталып алышса, аны колдонгонду тез эле үйрөнүп алышмак.
Эми буюрса, кыска убакытын ичинде Өкмөттү электрондук форматта иштөөгө толук өткөрөбүз. Кызматкерлер кагаз көтөрүп министрликтер менен Администрациянын ортосунда чуркап жүрө беришпей, электрондук вариантка өтүшү керек. Ошондо сиз айткандай кагаз-калемге кеткен чыгым да, аны менен кошо убактылары да үнөмдөлөт.