Санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин КР жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Документке ылайык, учурда бланктары “Учкунга” жиберилүүчү, уставдык капиталынын 77,36% үлүшү мамлекетке тиешелүү болгон 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду даярдоону ишке киргизүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Ошону менен бирге токтомдун долбоору менен 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторду берүүнү 2017-жылдын үлгүсүндөгү (ID) жана 2020-жылдын үлгүсүндөгү (ЖЖП) паспорттордун бланктары (эски) түгөнгөнгө чейин жүргүзүүнү белгилөө сунушталат. Бул ченем эски паспорттордон жаӊы (2024-жылдын үлгүсүндөгү) паспортторго өтүүнү акырындык менен жүргүзүү максатында иштелип чыккан.
Эски паспорттордун калдыктагы бланктарынын маалыматтары боюнча, 2024-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор 2024-жылдын май айынан тарта бериле баштайт.
Ошондой эле токтомдун долбоорунда “Инфоком” мамлекеттик ишканасына 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортордун бланктарын жекелештирүүгө ыйгарым укукту берүү сунушталууда.