Ноябрдын аягында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу брифингде Британиянын Бишкектеги элчиси Ник Боулер билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин трагасы бизнес-делегациянын коштоосунда барат. Бул анын падышалыкка болгон биринчи сапары болот.
«Сапардын аркасында Кыргызстан менен Улуу Британиянын соода мамилелеринде жылыш болот деп ишенебиз. Сапардын алкагында эки бизнес-форум өтөт, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес тармагындагы кызматташтыгын талкуулоого болот. Азырынча талкуу жүрүп жатат, биз сапардын жыйынтыгы боюнча кандай документтерге кол коюларын азырынча айта албайбыз», — деп кошумчалады Ник Боулер.