Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып, ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуациялаган.
Кошумча маалымат берилет.