25-27-октябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.
“Буга байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча бардык чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлөт”, – деди ал.
Исмаилов белгилегендей, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарынын жана Чүй облусунун ИИБнын өздүк курамы күжүрмөн даярдык баскычына өткөрүлөт.
Ал белгилегенлей, маанилүү иш-чара учурунда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:
– “Манас” эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;
– Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
– “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
“Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз”, – деди Имаилов.
Белгиленгендей, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.