Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665 млн 867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:
– КР бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;
– мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
– эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
– мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.
Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн 47 миң сомдун ичинен 152 млн 596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;
- Covid-19 коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына 8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу “Дөөлөт Трейдинг” ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер А.Н. Бектурганов) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;
- К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.