Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башка лидерлери менен чогуу Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин мүчөлөрү жана германиялык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Иш-чараны модератор – Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин төрайымы Катрина Клаас ачып, ал германиялык бизнес борбор азиялык регион менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Атап айтканда, “жашыл энергияны” кеңейтүү жана өндүрүү, чийки затты казып алуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба тармагындагы кызматташтык ж.б.
Ал Борбор Азияда айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканына көңүл буруп, кызматташуунун алкагында германиялык жогорку технологияларынын жардамы менен аймактагы түшүмдүүлүктү жогорулатууга болорун баса белгиледи.
Андан соң Борбор Азиянын лидерлери сөз сүйлөштү.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө бул жолугушуу немис бизнесинин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусу артып жаткандыгын айгинелейт деп белгиледи.
Борбор Азия туруктуу экономикалык өсүш жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен колдоого алынган динамикалуу өнүгүп жаткан аймак.
“Биздин аймак пайдалуу кендерге, суу-энергетикалык ресурстарга бай, ошондой эле өлкөлөрдүн негизги байлыгы – квалификациялуу, жогорку билимдүү, мобилдүү адам капиталы.
Сиздердин көбүңүздөрдүн Борбор Азияда иштеп жаткан олуттуу жана ийгиликтүү тажрыйбаңар бар, биздин мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти жакшы билесиздер. Ушуга байланыштуу биздин жолугушуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабынын башталышын белгилейт деп ишенем.
Кыргыз Республикасы “Борбор Азия – Германия” кызматташтыгынын жаңы форматын кубаттайт жана толук колдойт.
Бул мүчө мамлекет жана Евробиримдиктин экономикасынын локомотиви болгон Германия менен диалогдун жана тыгыз өз ара аракеттенүүнүн биринчи механизми десек болот.
Белгиленген формат бардык багыттар боюнча кызматташуунун натыйжалуу жана ишенимдүү алып баруучусу болуп, өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө кошумча түрткү бериши керек деп эсептейбиз”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент бүгүн бул жерге ири германиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулганын белгиледи. Бул актуалдуу маалыматты угуу, көптөгөн суроолорго жооп алуу, ошондой эле кызматташууну баштоо боюнча сунуштарды алуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк.
Борбор Азия Европа менен Чыгыш Азиянын кесилишинде жайгашкандыктан, соода, логистика жана транспорт тармагында эбегейсиз зор потенциалга ээ.
Садыр Жапаров дүйнөлүк соодада маанилүү чынжыр болгон Улуу Жибек жолу Борбор Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан аркылуу өткөнүн айтты. Бүгүнкү күндө бул транспорттук артерия өзүнүн экинчи жандануусун башынан өткөрүүдө. Анын үстүнө Кыргызстан соода жолдорунда ыңгайлуу географиялык абалды ээлеп, Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү көпүрө болуп саналат.
“Соода-логистикалык байланыштарды кеңейтүү зарылдыгын түшүнүү менен биз “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча стратегиялык маанилүү жана масштабдуу долбоорду баштадык.
Бул мега-долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу Борбор Азиянын соода-экономикалык жана транзиттик потенциалын олуттуу түрдө жогорулатат деп бекем ишенем.
Мен герман ишкерлерин Кыргыз Республикасында гана эмес, жалпы региондо жаңы транспорттук-логистикалык хабтарды реконструкциялоого жана курууга катышууга чакырам.
Дагы бир келечектүү багыт, менин оюмча, Кыргызстанда айыл чарба продукциясын сертификациялоо, акыркы технологияларды киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу жана кайра иштетүү боюнча лаборатория түзүү боюнча кызматташуу боло алат.
Биздин өлкөдө кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы бар, өзгөчө ири мөңгүлөрдөгү, дарыялардагы жана көлдөрдөгү тузсуз суу ресурстары.
Кыргызстанда ар кандай узундуктагы 3,5 миңден ашык суу агымы бар. Анын ичинде 30 ири дарыялар бар, аларда бардык аймактын суу ресурстарынын 40%дан ашыгы түзүлөт.
Учурда Кыргызстанда 51 чакан жана орто ГЭС, ар кандай кубаттуулуктагы 16 күн жана шамал электр станциялары курулуп жатат.
Анын ичинде, долбоордук кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон масштабдуу долбоор “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.
Бул контекстте биз Казакстан менен Өзбекстандын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышуусун кубаттайбыз”, – деди Президент.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров 2022-жылы Кыргызстан башка Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу эле Германия менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилегенин эске салды.
Өткөн мезгил ичинде өлкөлөр өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташуунун олуттуу тажрыйбасын топтошту. 2012-жылы Кыргызстан Германиянын жарандары үчүн визасыз режимди бир тараптуу киргизген. Бүгүнкү күндө 61 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга визасыз кире алышат.
“Кыргызстандын жарандары үчүн жеңилдетилген виза процедураларын киргизүүнүн мезгили келди деп эсептейбиз. Германия бул процесстин башталышына салым кошот деп үмүттөнөбүз. Товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн гана эмес, ошондой эле мамлекеттердин ортосунда адам ресурстарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн кыймылы үчүн шарттарды түзүү зарыл. Биз ошондой эле биздин авиакомпанияларыбызды өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачууга жана кеңейтүүгө үндөп, колдоо көрсөтүшүбүз керек.
Мен германиялык бизнес коомчулугун Кыргыз Республикасын ишенимдүү ишкер өнөктөш катары кароого чакырам”, – деп президент Садыр Жапаров өзгөчө көзөмөлүндө турган чет элдик инвесторлордун укуктарына жана коопсуздугуна көңүл бурду.