18-19-сентябрда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо өткөрүлүүдө.
Сунушталып жаткан Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институту менен биргеликте иштеп чыккан, Жогорку Кеңештин алты фракциясынын башчылары тарабынан демилгеленген.
30-июнда долбоорду коомдук талкууга алып чыгышкан.
Акыйкатчы институту сунушталган конституциялык мыйзам долбоору боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү менен консультация өткөрүштү, өз кезегинде алар долбоор боюнча жакшы пикирлерин билдиришти.
Мыйзам долбоору боюнча жарандык коомдон жана эл аралык уюмдардан бир катар сунуштар түштү, алар эске алынды.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу Акыйкатчы институтуна Борбор Азияда алгачкылардан болуп «В» макамынан «А» макамына аккредитациядан өтүш үчүн билдирме тапшырууга мүмкүндүк бермекчи. Бул болсо өз кезегинде өлкөнүн имиджине жана мамлекеттин өнүгүшүнө укуктук, экономикалык багытта да, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыздоодо да оң таасирин тийгизет.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева аталган долбоордо Париж принциптерине толук бойдон шайкеш келүү каралганын белгилеп өттү.
“Сунуш кылынган долбоор Париж принциптерине толук шайкеш келүүнү толугу менен карайт. «А» статусуна жетишүү максатында долбоордо принциптүү механизмдер камтылган жана келечекте Омбудсмен институту Адам укуктары боюнча кеңеште кеңири укуктарга жана катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. «А» статусу аккредитацияланганда Омбудсмен Кеңештин бардык жыйналыштарында болууга жана катышууга укуктуу, ошондой эле бардык жыйналыштарда оозеки билдирүүлөр менен жеке же видео байланыш боюнча катышууга укуктуу болот. Азыркы учурда «В» статусунда Омбудсмен GANHRI чогулуштарына гана катыша алат, бирок добуш бере албайт жана жетекчи кызматтарды ээлей албайт. Мындан тышкары, «А» статусунда өз өлкөсүндө адам укуктары жагындагы кырдаалга көз салуу жана ал жөнүндө кабарлоо жана мамлекет адам укуктары жагынан өзүнүн өзүнүн милдеттенмелерин аткарышына жардам берүү жана улуттук деңгээлде адам укуктары жагынан эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча консультация берүү мүмкүнчүлүгү болот”,-деп айтты ал.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары – Омбудсмен), Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларынын (мындан ары – орун басарлар) ишин уюштуруу тартибин, компетенциясынын чөйрөсүн, аларды шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, Омбудсмендин, орун басарлардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын (мындан ары – Омбудсмендин Аппараты) ыйгарым укуктарын жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, укуктук статусун, уюштуруу негиздерин, укуктук коргоо чараларын аныктайт.
Негиз катары колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы алынган. Долбоорду жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылчылыгы ошондой эле колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) ченемдеринде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына болгон карама-каршылыктарга байланыштуу келип чыкты, алар колдонуудагы Мыйзамды 20 жыл аралыгында колдонуу практикасынын натыйжасында табылды.
Ар жылдагы баяндама жактырылбаганы үчүн Омбудсмендин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар белгилеп жаткандай, Омбудсмендин саясий күчтөргө тикелей көз карандылыгын түзөт жана ал адамдын конституциялык укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткарышына тоскоолдук кылат. Ошентип, Ар жылдагы баяндаманы жактырбоого байланыштуу Омбудсменди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жобону алып салуу эми Омбудсмен Институтунун көз карандысыздыгына тикелей таасир этпейт. Мындан тышкары, бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карама-каршы келет, анткени Омбудсмен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө парламентке отчет берет.
Омбудсмендин кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында долбоордо жобо каралат, ага ылайык Омбудсмен жана анын орун басарлары саясий партияларда болууга, саясий максаттарды көздөгөн кандайдыр-бир саясий партияларды же башка коомдук бирикмени колдоп же каршы чыгууга укуксуз.
Мындан тышкары, долбоордо Омбудсменге Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынат.