
28-августта саат 15:37де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.