
Бишкекте автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай эмес төлөө киргизилгенден кийин 3 күндө 80 миңден ашык «Тулпар» картасы сатылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, «Тулпар» картасын алууну каалагандардын саны көп болгондуктан, кошумча карталарды даярдоо боюнча иштер жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, 20-августтан тарта Бишкектеги автобус менен троллейбустарда жол кирени накталай эмес жол менен төлөө керек:
- Үч категориядагы «Тулпар» карталары
- Байланышсыз VISA жана Элкарт карталары
- Тулпар, Mbank, Megapay, Balance, O!Деньги мобилдик тиркемелеринде QR сканерлөө
- Виртуалдык NFC картасы