
Караколдо көл жээктен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 18-июлда табылган.
Бул факты электрондук журналга катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Текшерүүдө жансыз дене көл жээкте 2-3 ай жатып калганы аныкталган. Учурда эркек кишини аты-жөнүн аныктоо үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүрүүдө”, — деп жазылат маалыматта.