Президент Садыр Жапаров 19-июлда «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» биринчи саммитинде сөз сүйлөп, ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деди:
“Улуу Даражалуулар,
Улуу Мартабалуулар,
Урматтуу мамлекет башчылары,
Урматтуу Башкы катчы мырза,
Айымдар жана мырзалар,
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатуху!
Эң алгач, Эки Ыйык мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиянын Королу, Улуу Даражалуу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана Сауд Араб Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Министрлер Кеңешинин Төрагасы, Улуу Даражалуу Мухаммад бин Салман Аль Саудга иш-чараны мыкты уюштургандыгы жана бир тууган Сауд жеринде көрсөткөн жылуу меймандостугу үчүн чын ниетимден ыраазычылык билдирем.
Учурдан пайдаланып, Өзбекстан Республикасынын Президенти, Улуу Мартабалуу Мирзиёев Шавкат Миромоновичти өлкөдө өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен чын дилимден куттуктайм жана бул жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине – тынчтык жана өнүгүүнү каалайм.
Мен биздин боордош аймактарыбыздын ортосундагы байланыштарды чыңдоонун жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн биргелешкен жолундагы маанилүү этап болуп саналган жаңы форматтагы бул тарыхый саммитке катышканыма кубанычтамын.
Биринчи Саммиттибиздин жаңы хижрий жылынын биринчи күнүндө өтүп жатышы символикалуу.
Саммиттин өтүшү эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрдү жана саясий диалогду тереңдетүү, өлкөлөрүбүздүн жана аймактарыбыздын ортосунда көп тараптуу жана эки тараптуу форматта экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн биздин каалоолорубузду далилдеп турат.
Ушуга байланыштуу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар менен жигердүү алмашууну улантууну абдан маанилүү деп эсептейм.
Урматтуу делегация башчылары,
Географиялык алыстыкка карабастан, биздин аймактарды жалпы тарых, жалпы дин, маданият, баалуулуктар жана баа жеткис достук байланыштар бириктирип турат.
Маалым болгондой, дүйнөлүк сооданын маанилүү бөлүгү болгон Улуу Жибек жолу байыркы замандан бери Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан аркылуу өткөн.
Көптөгөн кербен жолдору товарларды жана кымбат баалуу буюмдарды ташуу үчүн гана эмес, Евразия континентинин элдеринин цивилизацияларынын тарыхына жана өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген жаңы билимдерди, идеяларды жана маданияттарды өткөрүп берүүгө кызмат кылган.
Эгемендүүлүк алгандан бери биздин өлкөлөр эки тараптуу негизде да, көп тараптуу форматта да, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун жана Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташуунун бай тажрыйбасын топтошту.
Бүгүнкү күндө Борбордук Азия – ар түрдүү географияга ээ, туруктуу экономикалык өсүшү жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат.
Аймак пайдалуу кендердин бардык түрлөрүнө, суу ресурстарына жана энергиянын, мунайдын, газдын жана көмүрдүн ар кандай булактарына бай.
Аймактык жана аймактар аралык интеграция биздин келечекке жалпы көз карашыбыздын негизги элементи болуп саналат.
Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциясын ырааттуу жана ар тараптуу бекемдөөнү жактайт.
Коопсуздук тармагында биз терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө күч-аракеттерибизди бириктирүү максаттарында бекем турабыз.
Биздин ресурстарды бириктирүү менен биз каршы чараларды күчөтүп, өлкөлөрүбүздүн коопсуздугун жана туруктуулугун дагы да натыйжалуу камсыздай алабыз.
Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Биз Афганистанды жана көптөн бери азап чеккен афган элин эл аралык коомчулук обочолонтуп калтырбашы керек деп эсептейбиз. Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошо турган долбоорлорду ар тараптуу колдоо зарыл.
Биз ошондой эле Палестинада, Йеменде, Сирияда, Суданда, Украинада болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып, бул өлкөлөрдөгү жаңжалдардын тез арада чечилишине үмүттөнөбүз.
Кыргыз Республикасы ар кандай чыр-чатактар жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринин жана нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык каражаттар менен сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилиши керек деген пикирди жактай турганын баса белгилейм.
Урматтуу делегация башчылары,
Экономикалык жана инвестициялык кызматташтык биздин күн тартибибиздин өзөгүн түзөт.
Биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдаланууга боло турган зор мүмкүнчүлүктөр бар.
Биздин региондор баа жеткис байлыкка ээ: жогорку билимдүү жана динамикалуу адам капиталы.
Борбордук Азия ошондой эле Европа менен Азиянын кесилишинде турган кубаттуу соода, транзиттик, логистикалык жана транспорттук потенциалга ээ.
Ушуга байланыштуу биздин өкмөттөргө аймактар аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновациялар сыяктуу маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну жигердүү өнүктүрүүнү тапшырууну сунуштайм.
Булуңдагы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүздү региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыгыбызды бекемдей турган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча мегадолбоорду биргелешип ишке ашырууга катышууга чакырам.
Транспорттук-логистикалык байланыштарды, анын ичинде темир жол жана аба каттамдарын кеңейтүү биздин аймактардын ортосунда товарлардын, капиталдын жана адамдардын кыймылын жеңилдетет.
Бул сооданы гана стимулдаштырбастан, маданий алмашууну да өнүктүрөт.
Бул максатта мен төмөнкү кадамдарды жасоону сунуш кылгым келет:
— биздин аймактардын ичинде визасыз зонаны түзүү;
— биздин авиакомпанияларды борборлор ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууга жана кеңейтүүгө дем берүү жана колдоо көрсөтүү;
— биргелешкен туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
— банктар аралык кызматташтыкты чыңдоо;
— соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү.
«Жашыл» энергетика жөнүндө сөз кылсак, бул тармак өлкөнүн бүтүндөй экономикасы үчүн маанилүү жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү экенин белгилегим келет.
Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жогорку потенциалга ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети долбоордук кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ири ГЭСин куруу долбоорунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.
Булуңдагы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүздү регионалдык энергетикалык жана суу коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошо турган Кыргызстандагы бул ГЭСти курууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырам.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, араб өнөктөштөрүбүзгө Араб координациялык тобунун фонддору аркылуу жүрүп жаткан жемиштүү кызматташуу үчүн терең ыраазычылык билдирем. Анын алкагында Кыргызстанда социалдык маанилүү долбоорлор, айтсак, жолдорду куруу жана реабилитациялоо, ооруканаларды, мектептерди куруу, ирригациялык системаларды модернизациялоо ишке ашырылган.
Урматтуу делегация башчылары,
Жакынкы келечекте жетишилген макулдашууларды комплекстүү жана практикалык ишке ашырууга киришүүнү маанилүү деп эсептейм.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, соода, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин талкуулоо үчүн министрлердин жолугушууларын, ошондой эле бизнес-форумдарды, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды өзүндө өткөрүүгө даяр.
2024-жылдын жай айларында Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө «Борбордук Азия – Булуңдун араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши» форматындагы биринчи инвестициялык форумду өткөрүүнү сунуштайм.
Бул демилгени колдоп берүүңүздөрдү суранам.
Учурдан пайдаланып, Бириккен Араб Эмираттарына ушул жылдын декабрь айында Бирикен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча келерки 28-конференциясын (COP-28) жана Катар Мамлекетине 2024-жылдын башында футбол боюнча Азия кубогун уюштурууда ийгиликтерди каалайм.
Урматтуу делегация башчылары,
Биз аймактарыбызды байланыштырган тыгыз маданий-тарыхый байланыштарды чыңдоону жактайбыз.
Бул контекстте биз Кыргызстанда Сауд Араб Падышалыгынын Маданий борборунун курулушу боюнча долбоордун башталышын кубаттайбыз.
Бириккен Араб Эмираттарынын жардамы менен ушул күндөрү бүтүп жаткан Ислам академиясынын курулуш долбоорун канааттануу менен белгилегим келет.
Заманыбызда зарыл болгон жана суроо-талапка ээ болгон бул маданий-агартуу мекемелери дүйнөнүн бир катар аймактарында ксенофобиянын жогорку деңгээли өкүм сүрүп жаткан чакта араб тилин үйрөнүүнүн, арабдардын бай маданияты, ислам дини жөнүндө илим-билимди жайылтуунун борборлоруна айланат деп ишенем.
Билим берүү тармагында мен биздин өлкөлөргө университеттер аралык алмашуу тармагын түзүүнү жана инженердик-техникалык адистиктер боюнча Борбордук Азиядан келген студенттер үчүн Булуңдагы өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларында квоталык орундардын санын көбөйтүүнү сунуштайм.
Урматтуу делегация башчылары,
Сөзүмдүн аягында биздин саммит ийгиликтүү болоруна ишенимди билдиргим келет.
Кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө болгон умтулуубузду дагы бир жолу ырастагым келет.
2023-2027-жылдарга багытталган Борбордук Азия менен Булуңдун араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Биргелешкен иш-аракеттер планы жана саммиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алына турган Биргелешкен билдирүү биздин аймактарыбыздын өз ара пайдалуу кызматташууга умтулуусун чагылдырып, келечектеги натыйжалуу кызматташуу жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өнөктөштүктүн ар тараптуу күн тартибин камсыздайт деп ишенем.
Эки Ыйык мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиянын Королу, Улуу Даражалуу Салман бин Абдулазиз Аль Саудга жана Сауд Араб Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Премьер-министри Улуу Даражалуу Мухаммад бин Салман Аль Саудга Саммитти мыкты уюштургандыгы үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем.
Катышуучуларга чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Борбордук Азиядагы жана Булуңдун өлкөлөрүндөгү боордош элдерибизге тынчтык, бакубаттык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат”.