
Бүгүн, 6-июлда Бишкекте сөз эркиндиги боюнча ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган иш-чарага
эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медиа-эксперттер катышууда.
Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалы, журналисттердин коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр талкууланууда.
Конференция эки күнгө созулат. Эртең азыркы доордогу маалымат каражаттарынын ролу боюнча мастер-класс өтөт.
Белгилей кетсек, ЕККУ ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келет.