Дем берүүчү “Доброе утро” жана “Будьте здоровы”. “Кто хочет стать миллионером?”, “Что ? Где? Когда?” жана «Поле чудес», саат сайын берилүүчү жаңылыктар жана талдоо программаларын айтпай эле койсо болот. Эмне үчүн оруссиялык көрсөтүүлөрүнүн аталыштарын Кыргызстандын ар бир жараны жатка билет? Эмне үчүн кыргыз телекөрүүчүсү КТРК же ЭлТРден көрө орус телеканалдарына артыкчылык берет?
Дээрлик жыл сайын ар кандай консалтинг компаниялар чет жактан келген жарнамаларды бөлүүштүрүү үчүн, кыргызстандыктар кайсы телеканалдарды көрүп жатканын билүү максатында ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Андан тышкары, Борбордук Азиянын жашоочулары дүйнөлүк жаңылыктарда болуп жаткан окуяларды кайдан биле турганын билүү максатында ар кандай изилдөөлөрдү, эл аралык жана чет элдик уюмдар да жүргүзүп келет.
Өткөн жылы Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган жана Интерньюс уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Динамикалык чөйрө үчүн туруктуулук жана ар кыл маалымат менен аракеттешүү” (REVIVE) долбоорунун каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши (ENC) Борбордук Азиянын тургундарынын медиа керектөө деңгээлин жана медиа сабаттуулугун аныктоо максатында чон масштабдуу изилдөө жүргүзгөн. Башкача айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жашоочулары негизинен кайсы телеканалдарды көрүп, кайсыл ЖМКдан өз өлкөлөрүндө жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды билесиңер деген суроолор берилди.
Ошентип, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мамлекеттик телеканалдарга абсолюттук ишеним, респонденттердин 20% барабар экенин көрсөткөн. Ал эми эл аралык жаңылыктарды негизинен орусиялык телеканалдар аркылуу алаарын 24% суралган респондентер билдирген. Сурамжылоого катышкандардын 68 % жаңылыктарды социалдык тармактардан окушарын, ал эми эл аралык күн тартибиндеги негизги тема – Украинанын тегерегиндеги кырдаал бойдон калууда экенин, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү баса белгилеп кетишкен. Ошол эле учурда, сурамжылоого катышкандардын арасында 24% АКШ бул кырдаалга күнөөлүү деп ишенишет, ал эми Орусия тарапты 13% респонденттер күнөөлөп кетишкен.
Эмне үчүн мындай абал пайда болду? Ал эми кыргызстандыктар эмне үчүн ата мекендик телеканалдардан орус телеканалдарын артык көрүшөт? Кыргыз элинин медиа сабаттуулук деңгээли кандай жана биз сырттан жасалган манипуляцияларга, үгүттөөлөргө катуу кабылабызбы? Бул учурда эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолор боюнча өлкөдөгү белгилүү медиа эксперт Тамара Валиева өз оюн билдирди.
– Эмне үчүн кыргызстандыктар көбүнчө орусиялык телеканалдарды көрүшөт?
Мунун бир нече себептери бар, биринчиден, тарыхка кайрылсак бул адат болуп калган. Бир убакта “Борбордук телевидениени”, анан автоматтык түрдө орус каналдарын көрүү бул кадимки адатка айланып калган. Экинчиден, орус телеканалдарынын мазмуну абдан кызыктуу: сериалдар, оюн-зоок көрсөтүүлөрү, мунун баарын кыргыз телеси кыргыз көрүүчүсүнө чоң көлөмдө бере албай жатат. Жаңылыктарга келсек: 70 жылдан бери, эл “Время” программасын көрүп, көнүп калган. Бирок бул чындыгында кадимки орус пропагандасы экенин түшүнгөн адамдар аз.
– Эмне үчүн кыргызстандыктар жергиликтүү жаңылыктарды жакшы кабыл алышпайт?
– Жаңылыктарды даярдоо, ээси ким экенине жараша болуп жатат. Мамлекеттик каналдарды өкмөт жана президенттик аппарат башкарат. Ал жерден оппозициячыл маанайдагы жарандардын, жөн эле күмөн санагандардын пикирин таба албайсың. Ооба, бул биринчиден кызык эмес, экинчиден туура эмес экенин эл түшүнөт. Адам жалгыз жашабайт. Мисалы оң жактагы кошунасы болуп жаткан окуяларга нааразы жана абдан ачуулуу, сол жактагы кошуна экиленет, дагы бир кошуна баарына макул. Мындайда, адам пикирлердин ар түрдүүлүгүн жашоодо гана көрө алат, бирок экранда мындай пикирлердин ар түрдүүлүгү көрбөйт. Ошон үчүн элдин арасында Кыргызстандагы ТВларга ишенбөөчүлүк бар. Кандайдыр бир олигархтын жеке телеканалы кайра эле “кимдин адамы болду экенине” көз каранды. Эгер ал “Ак үйгө” жакын болсо, демек, мамлекеттик телеканалдардай эле биздин өлкөдө баары жакшы деген жаңылыктарды айтышат. Ал эми телеканалдын ээси оппозициячыл болсо, анда Кыргызстанда жашоо жаман деген маалымат басымдуу болот. Башкача айтканда, бизде эч кандай объективдүү тең салмактуу картина жок.
– Кыргызстандыктар көбүнчө орусиялык телеканалдарды көрүшсө, анда орусиялык пропагандага дуушар болуп жатабы. Орусиялык пропаганданын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Мен өзүм буга дайыма таң калам. Орусиялык телеканалдардан ачык эле калп айтылса, эл дагы эле ошого ишенет. Ооба, алар мунун баарын ушундай ишеним менен, ушундай башкача ыкмаларды колдонуу менен жасашат. Башында жаңылыктар, анан Соловьев менен Скабеева, андан соң оюн жеткиликтүү айта билген сабаттуу адамдарды чакырып, көрүүчүнүн “оозуна чайнап салып беришет”. Алар кимдер, алар саясат таануучулар, эксперттер. Сиз үчүн баарын чечип беришет. Сиз ойлонбоңуз, баары сиз үчүн ойлонулган. Жана бул көптөгөн адамдар үчүн ыңгайлуу. Эгерде адамда бир аз болсо да критикалык ой жүгүртүү жана медиа сабаттуулук жөндөмү болсо, албетте, бул ачык пропаганда экенин дароо түшүнмөк. Бирок биздин көрүүчүбүз азгырылат, ошондуктан ал экрандардан төгүлүп жаткан нерселерге ишенип келет.
– Демек, адамдар манипуляцияга дуушар болушат?
Алар албетте, манипуляцияланып жатышат. Мен муну үй-бүлөмдөн да көрөм. Айылда жашаган, шаарда жашаган көптөгөн туугандарым бар. Мурда алар менен урушчумун, азыр урушпайм. Буга чейин мен кандайдыр бир жол менен аларга кандайдыр бир көз карашты жеткирүүгө аракет кылчумун, азыр бул мүмкүн эмес. Анткени эл, бир тараптын туура экенине ынанды. Алардын айтканы туура, жакында жеңиш болот, деп ишенишет.
– Кыргыз Республикасы жыл сайын Россиянын федералдык телеканалдарына миллиондон ашык доллар төлөйт. Демек, кыргыз салык төлөөчүсү орусиялык пропаганданы көрүүгө чоң акча береби?
Бул акылсыздык. Биз Орусиянын федералдык телеканалдарына алардын пропагандасын көрүү үчүн акча төлөйбүз. Мен аларды социалдык пакеттен алып салууну колдойм, каалайбы орус телеканалдары коммерциялык спутниктердин жардамы менен көрсөтүшсүн. Ал эми ким кааласа алардын берүүлөрүн көрө беришсин. Бул тандоо ыктыярдуу болуш керек. Адам эмнени көрөрүн аң-сезимдүү түрдө өзү тандашы керек. Мен каалаймынбы Би-Би-Си көрөм, кааласам CNN көрөм, бул менин тандоом. Ал эми мамлекет, кимдир бирөөлөр тарабынан өз жарандарын башын айландыргандыгы үчүн акча берүүсү бул күлкүлүү го. Элестеткиле жакында Кыргызстанга ар кандай кемсинтүү жана ошого окшош жаман иш-аракеттер башталса? А биз муну мамлекеттин акчасына угабызбы? Бул күлкүлүү эмеспи?
-Мындай кырдаалга эмне кылуу керек? Кыргыз көрүүчүсүн сырткы үгүттөн жана манипуляциядан коргоо үчүн эмне кылуу керек?
– Биринчи кезекте чет элдик телеканалдарды социалдык пакеттен алып салуу керек. Бул биринчи аракет болушу керек. Экинчиден, менин оюмча, биздин мамлекеттик бул коркунучтун баарын абдан кеңири эске алышы керек. Азыр бизге орус телеканалдары гана эмес, экстремисттик маанайдагы агымдар дагы бар, аларга карата да бөгөт коюш керек. Анан дагы эң негизгиси кыргызстандыктарга медиа сабаттуулуктун негиздерин үйрөтүү зарыл. Интерньюс өзүнүн долбоорлорунда медиа сабаттуулукту, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт, фейк жаңылыктарды таанууга үйрөтөт, муну КР Маданият жана маалымат министрлиги жасашы керек. Мамлекеттик деңгээлде жарандар менен иштеши керек. Бул заман талабы”.
Маектешкен Нурлан Адаев