Борбор Азиядан Кыргызстанды эле алсак өлкөдө соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көп катталууда. Орто эсеп менен өлкөдө аялдардын 83 пайызы үй-бүлөдө психологиялык, сексуалдык жана моралдык зомбулукка кабылышат.
Мына ушундай үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, 10 жылдан ашуун убакыттан бери чыдап, үмүт менен жашап жаткан Акберметтин окуясын баяндайбыз.
Акбермет учурда 38 жашта. Учурда Бишкектин Ак-Босого конушунда жашайт. Ал мындан 19 жыл мурун Нарын районунда орто мектепти бүтүрүп, эл катары жогорку билимге ээ болуу үчүн Бишкек шаарына келген. Бирок, үй-бүлөлүк турмуштан улам, убагында окууга тапшыра алган эмес. Арадан эки жыл убакыт өтүп азыркы жолдошу менен кафелердин биринде таанышып калат. Экөөнүн ортодо жылуу мамиле пайда болүп, бир үй-бүлө курганга жетишишет.
“Жолдошум үйдүн эң кичүү боласы болчу. Ал менден бир жашка кичүү эле. Башында үйлөнгөнүбуздө баары сонун эле. Бирок, кайненем жолдошумду менден кызганып, мага каршы уруш уюштура берет, бул адаты азыр деле бар. Мен ага көп маани берчү эмесмин, анткени көп түшүнө бербейт элем. Бирок, ал убакта мага көп кол көтөрчү эмес. Кийин бара-бара мени көп ура баштады. Мун себебин кийин билдим, көрсө 18-19 жашынан эле наркотик колдонуп жүрчү экен. Баңгизат колдонгондо көзүнө башка нерселер көрүнө баштайт . Башында үйдө мен эле иштегендиктен акча эле сурай берчү. Башында менден 500 сом, 300 сом, 400 сомдук сурачу. “Эмнеге?” – деп сурасам, ар кандай шылтоолорду айтчу, “магазинге карызмын, муну алам, тигини алам” деп кутулуп кетчү. Кийин сураган акчанынын суммасы дагы көбөйдү. Бербесем анда мен балээге калам. Алынын жетишинче урат, сабайт. Мурун 500 сомго чейин акча сураса, азыр 700 сомдон өйдө алат. Ал акчаны алып эле, Кипа деген досунун үйүн көздөй жөнөйт. Көрсө ал киши баңгизат сатат экен. Аны азыр Ак-Босогодогу элдин баары билет”, – деп айтып берип жатты ал.
Каарманыбыз башынан өткөргөн окуясын айтып берип жаткан учурда, көзүнө жаш алып, сөзүн улады. Ал азыркыга чейин “жолдошум баңгизатты таштап, жакшы жашоого умтулат” деген үмүт менен жашап келген.
“Мурда наркотикти анда-санда колдонсо, азыр бат-баттан эле колдонуп калды. Үйдө тынчтык жок. Балдардын көзгө илбей сабайт. Бир жолу катуу темир менен бутума чаап, сөөккө чейин өтүп кеткен. Көрсө ал бала кезинен баштап эле наркотик колдончу экен. Жолдошум досунун үйүнө көп барат. Ал бала наркотик саткандыктан анын айрым кардарлары менин жолдошума чейин чалышат. Телефонуна чалганда кээде жанында болуп калам. Жашыруун сүйлөшөт да. “Бар бекен? Эмне экен? Чалайын, билейин” деп калат. Кээ бирөө келет, алыс жактан деле келишет. Чогулушат, көрүп билем да. Кипа деле таныбаган адамдарга баңгизат сатпай, досторуна, ишенчиликтүү адамдарына сатат да. Акыркы күндөрү жолдошум уже ачык эле чыгып, айтып берди. Ушул Кипаны айтат да “ушул Кипа менин жашоомду курутту, мага залакасы тийди” деп. Эми ал бала биздин үй-бүлөнү гана бузбай, айланадагы жаш үй-бүлөлөрдүн жашоосун кошо курутуп атат”, – деп кейди Акбермет.
Эки күндүн биринде уруш-талаш
Акбермет баңгизаттын айынан акыркы жылдары жолдошу менен жашоого мүмкүн болбой калганын айтат. Бирок ал жолдошу менен ажырашып кетүүдөн дагы кооптонот, анткени ал ага ар дайым зомбулук эле көрсөтпөстөн психологиялык жактан дагы кысып көрсөтөт.
“Үйдө ар кандай шылтоо менен уруш чыгарат. Мени эч кайда чыгарбайт, ошентсе дагы кызганып, сабайт. Мен чыдабай калдым. Ажырашайын десем ата-энеме чейин асылат. Ал мага “үй-бүлөңдү жана сени бир күнү болбосо бир күнү өлтүрөм” деп коркутат”, – дейт ал.
Аны жолдошу балдарынын көзүнчө үйдөн кубалаган күндөрү дагы болгон. Андай учурда туугандарынын үйүнө убактылуу баш калкалап турат.
“Мен өзүм үйдөн швеяда иштейм, эки-жакка эч жакка чыкпайм. Жолдошум эч жакка чыгарбайт. Кээде түндө келип, ар кандай шылоо менен ызы-чуу чыгарып, ар кимге жабыштырып сабайт. Жаман көрүп, үйдөн кубалаган күндөрү көп болот. Уже анда билем да баңгизат колдонуп келгенин. Дароо эле үйдөгүучтуу буюмдарды катам. Коркконумдан качканга аракет кылам. Үйдөн качып эле көзүнө көрүнбөйм, өзүнө келгичекти. Кичүү кызым боюмда бардан баштап, өтө катуу сабап баштады. Айла жок гана жашап жүрөм. Ушунун баары эле ошол баңгизаттан болуп жатат. Бир жолкусунда “акча бер” деп сурады. Мен деле дароо билдим. Акча жок деп бербесем. Мени аябай сабады. Эмнеге? деп сурасам, ачык айтпайт. Анын зомбулугунан денемде тактар көп”, – деди ал.
Ал азыр үйүнө көп буюм-тайым албайт. Анткени жолдошу баңгизат колдонуп келгенде көзүнө эмне көрүнсө бүт сындырат.
“Баңгизат колдонгондо психос болуп калат. Өзүнөн-өзү жини келип, уруш чыгаргысы келип калат. Ага жакпаган сөздү сүйлөп алсаң өлдүң. Үйдө ызы-чуу чыгарат, колуна эмне тийсе бүт талкалайт, сындырат. Жанында бала турабы аны карабай чаап ийет. Балдардан бери коркутат. Аны чегип келгенден кийин көзү-башы кызыл болуп, учуп жүргөндөй көрүнөт да”, – деди ал.
Бул окуяны айтып берип жаткан каарманыбыз, буга чейин бул сырын эч кимге ачык айткан эмес. Алтургай милицияга дагы арыз жазуудан корккон. Анткени укук коргоо органдарына ишенбесин айтат.
“Негизи укук коргоо органдары бизде жакшы иштебейт. Буга чейин бангизат саткан баланын үстүнөн кошуналарым бир нече жолу арыз жазышкан. Бирок эч кандай жазага тартылган эмес. Ал эми мен жолдошумдан кордук көрүп жатканымды айтып, милицияга арыз жазсам аны деле карабайт да. Ошол наркотик сатып жаткан баланы камай албагандан кийин анан кантип ишенүүгө болот? Мен мисалы, арыз жазсам бир күнү болбосо бир күнү келип, “эмнеге менин үстүмдөн арыз жаздың?” деп өлтүрүп койсо ким кепилдик берет? Наркотикти менин жолдошумдан башка айланадагы кошуна балдар дагы колдонот. Булардын баары эле жаш үй-бүлөлөр. Аялдары күйөөлөрүнөн коркушат, эч кимиси ачык айтышпайт”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акбермет.
Дүйнө жүзүндө ар бир 11 мүнөт сайын бирден аял зомбулуктун курмандыгы болот. Мындан башка дагы эркектер тарабынан психологиялык жактан жабыр тарткан аялдардын саны көп. Бирок, бардык учурда кызыл камчы эркектин кордугун көргөн аялдардын денесинде жана жүрөгүндө өмүр бою кетпеген так калат.
Адатта зомбулуктан көбунчө аял кишилер көп жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.
Өлкөдө зомбулук көргөн аялдар адатта коомчулукка ачык айтып чыгуудан карманышат. Анткени алардын көпчүлүгү үй-бүлөсү, жолдошу же жакын туугандары табанынан психологиялык кысымга кабылаарын айтып, кооптонушат.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылы 102 кызматына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 4172 билдирүү түшкөн. Анын ичинен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 3354 аялга коргоо ордерлери берилген.