Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргызстандын Социологдор коомунун төрагасы, көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаев 2023-жылдын 31-мартында узакка созулган оорудан улам 86 жашында дүйнөдөн кайтты.
Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн.
1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине кирип, аны 1961-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Эмгек жолун аталган университетте саясий экономика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Ошондон тарта жарым кылымдан ашык өмүрүн жогорку окуу жайларда жаш муундарга билим берүүгө, илимге арнады.
1964-1967-жылдары Москвада СССР Илимдер академиясынын Экономика институтунда аспирантурада окуп, Кыргызстандын айыл экономикасы маселелери боюнча кандидаттык диссертациясын, 1983-жылы СССР Илимдер академиясынын Философия институтунда Кыргызстан айылдарынын социалдык өнүгүүсү боюнча докторлук диссертациясын коргогон.
1969-1987-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан тарта профессор даражасында социология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы кызматында иштеген. 1994-1999-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин социология жана саясат таануу кафедрасынын башчысы, башкаруу жана социология факультетинин деканы кызматтарын аркалаган.
1984-жылы философия илимдеринин, 2006-жылы социология илимдеринин профессору даражасына ээ болгон. Россия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын (Санкт-Петербург) академиги болгон. 1989-жылы Кыргызстандагы социология коомун уюштуруп, анын туруктуу жетекчиси болуп келди. Эл аралык социологдор ассоциациясынын шериктештигинин вице-президенти, Бүткүл дүйнөлүк социологдор ассоциациясынын, Евразия, КМШ социологдор ассоциациясынын жана Түркиянын социология коомунун мүчөсү болгон.
1999-2002-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетине, 2002-окуу жылдан баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген. 2005-жылдан баштап аталган окуу жайларда социология, түрк цивилизациясы боюнча дарс окуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде социология бөлүмүн түптөгөн.
Илим жаатындагы ишмердигинде 25тен ашык илимдин кандидатын, 5 илимдин докторун чыгарган. Билим берүү жана илим министрлигинде, Кыргызпатентте гуманитардык-социалдык илимдер боюнча эксперттик милдетти аткарган. СССРдин жана Кыргызстандын бир катар саясий-илимий журналдарынын жана басылмаларынын редколлегиясынын, СССР Жогорку жана орто билим министрлигинин коомдук илимдер башкармалыгынын президиумунун, Бүткүл союздук “Билим” коомунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.
Кусеин Исаев — 140тан ашык илимий эмгектин, 20дан ашык китептин, анын ичинде 10 монографиянын, 250гө жакын публицистикалык макаланын автору. Анын илимий изилдөөлөрү жана публицистикалык эмгектери коомдук-саясий жана социалдык темаларга, Кыргыз мамлекетинин тарыхый орду, эл аралык ролу, келечек жолу, улуттук өзгөчөлүгү, дүйнө таанымы, философиясы, тил маселелерине арналган.
Кусеин Исаев элибизге бир эле учурда талбай изденген окумуштуу, камкор устат гана эмес, өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларга жигердүү катышкан кадыр-барктуу коомдук ишмер катары да таанылды. 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга, “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” ишмердүүлүгүнө катышкан. Адам укугун коргоо комиссиясынын, КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын, “Эл Биримдиги” координациялык кеңешинин мүчөсү, “ЭлТР” телекомпаниясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болгон.
Ал билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими ардактуу наамдарына арзыган.
Кыргызстандын билим, илим казынасын байытууга зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маркумдун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, К. К. Иманалиев, М. М. Мамакеев, Ж.С. Сааданбеков, Т. Ч. Чынгышев, Э.С. Каптагаев, А.Т. Түмөнбаев, Ж. C.Кыдыкбаев, А.К. Малиев, Б.З.Түлөбаев, С. Ж. Мусаев, Н. Орунтаев, И.Ж. Иманбетов, У.А. Усеков, Р.Абазбек уулу, Т. А. Ашымбаева, Т.А. Абдракманов, А. Джейлан, И. С. Болжурова, К. О. Иманалиев, Б. О. Орунбеков, К. А. Чекиров