Оштогу куралдуу каракчылык: Ооруканадагы бейтаптардын абалы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда, 27-январда куралдуу карактоо учурунда октон жараат алып ооруканага түшкөн эки жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу бейтаптар дарыланып жаткан ооруканадан билдиришти.

Ооруканадан белгилешкендей, алар бейтапканада болжол менен дагы 10-15 күн дарыланышат.

«Бутунан жараат алган бейтаптын абалы туруктуу. Анын кашка жилиги сынган. Ичинен жараат алган экинчи бейтаптын да абалы  туруктуу. Анын ички органдары жабыркаган эмес. Алар ооруканадан качан чыгарын так айта албайбыз. Болжол менен дагы 10-15 күн ооруканада жатат», — деп билдиришти бейтапканадан.

Эскерте кетсек, 27-январда куралдуу каракчылыктан кийин жарадар болгон эки адам ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мересед-Бенц-Вито» үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү жол тандабас унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан.