Өлкө башчы Садыр Жапаров 21-январда өзүнүн Facebook баракчасына акыркы жылдардагы Кыргызстандын аксап турган энергетика тармагы тууралуу жазды. Анда ал Cоюз мезгилинде электр энергиясын өндүрүү өзүбүздөн ашып, коңшу өлкөлөлөргө экспорттолуп келгенин айтты. Ал эми эгемендүүлүктү алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаганын жана жыл өткөн сайын керектөө өсүп баратканына токтолду.
“Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр. Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80%дан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Так кесе айтсам энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган”.
Президент берген маалыматка ылайык, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн 3 млрд кВт саат электр энергиясын үч сомдон импорттоп, элге 1кВт саатын 77 тыйындан сатып келет. Мындан улам энергетика тармагынын карызы өсүп жатат. Абалды оңдоо үчүн бул бааны 1 сомго (23 тыйынга) көтөрүү планы коюлду. Энергетика тармагындагы адис Расул Умбеталиев бааны көтөрүү менен маселе чечилбей турганын белгиледи.
Расул Умбеталиев – Маселени тарифти көтөрүү менен эмес, коррупция менен күрөшүү аркылуу чечсе болот
«Бүгүнкү күндө энергетика тармагы өтө терең кризистик акыбалда. 10-январдан баштап аба ырайы кескин өзгөрүп суук болгондо биздин биздин энергосистеманын акыбалы, ишмердүүлүгү кандай деңгээлде экенин көрсөтүп койду. Толугу менен бардык аймактарда, район, шаарларда электр энергиясына чектөө болуп, өчүрүүлөр боло баштады.
Чындыгында эгемендүүлүктү алгандан бери эле тариф саясаты, электр энергиянын баасы, энергетиканын акыбалына байланыштуу чоң көйгөйлөр болуп келет. Бир эле тариф саясаты менен энергетиканын акыбалын оңдоо өтө кыйын, анткени энергосистема коррупция белчесинен баткан тармак. Андан сырткары мамлекеттик сатып алуу, техникалык коммерция, суу энергетика тармагында да чоң көйгөйлөр бар. Жай мезгилинде Токтогул суу сактагычынан суу агызып электр энергиясын сатымыш болгонубуз менен кыш мезгилинде өзүбүзгө жетпей калууда.
Кыргызстанда акыркы 3-4 жылда болгону 13-14 млрд кВт саат өндүрүлүп келет. Бүгүнкү күндө жарандар, ишканалар, бюджеттик мекемелердин бардыгы биригип 16 млрд кВт саат электр энергиясын колдонуп жатат. Демек, 2.5-3 млрд кВт саат жетишсиз болгондуктан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан сымал коңшу мамлекеттерден сатып алып жатабыз. Биз сөз кылып жаткан 16 млрд кВт сааттын 60 пайызын эл колдонсо, 40 пайызын мамлекеттик ишкана, мекемелер колдонуп келе жатат. Карапайым калк колдонгон 60 пайыз электр – 10 млрд кВт саатты түзөрүн жана азыркы баага 23 тыйын кошулуп жатканын эске алсак, жылына 2 млрд 300 млн сом түшөрү белгилүү. Бул сумма энергетика тармагынын карызын жабууга эч кандай жардам бере албайт. Менимче бул чоң көйгөйдү чечүүдө бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлыктарын индексация кылып, коррупция менен күрөшүп, техникалык жоготууларды азайтсак, мамлекеттик сатып алууларды таза жана айкын жүргүзсөк ийгиликке жетер элек.
Өтө чоң кирешелүү алтын казган, спирт ичимдиктерин жана цемент чыгарган, майнинг кылган мекемелерге карата тариф саясатын өзгөртүп, азыркы беш сомдун ордуна 1 кВт саатына 8-10 сомго чейин көтөрүш керек эле. Демек, жөнөкөй жарандарга эмес, миллиарддаган кирешелери бар ушул мекемелерге бааны көтөрүп койсо 6-7 млрд сом төлөмдөрдү көрмөкпүз. Акылбек Жапаров быйыл айлык, пенсия көтөрүлбөй турганын айтканын эске алсак, жалаң элдин эсебинен маселени чечүү аракеттенүү туура эмес».
Садыр Жапаров азыркы маалда Кыргызстанда элүүгө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдык жүрүп жатканын билдирди. Энергетика тармагындагы эксперттердин бири Эрнест Карыбеков бул чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ондогон жылдар талап кылынарын айтып, күмөнү бар экенин билдирди.
Дастан Бекешев – Президент кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатат
“Электр энергия боюнча чынында азыркы абалды эл кабыл албай жатышы мүмкүн. Бирок бизде электр жабдуулары өтө эскирип, карызы да бир топту чапчып калды. Электрге бааны көтөрүп бир сомго чейин чыгарсак да 137 млрддык карызды жабууга чоң жардам бербейт. Ошентсе да бул тармактагы жабдууларды аз да болсо жаңыртканга мүмкүнчүлүктү берет. Бир ай мурун Жогорку Кеңеш ратификациялап берген келишим боюнча азыр биз кредитке алынган акчага коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоп жатабыз, бул өтө жаман көрүнүш. Өзүбүздөн чыгышы керек болгон электрди башкалардан, болгондо да карызга алган акчага алуудабыз. Тарифтер өтө төмөн бойдон кармалып, ушул ыргакта жашай берсек натыйжада аны салык төккөндөр эле төлөп калат, андан да ашыгыраак төлөп калышы мүмкүн. Ошондуктан президент бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатат десек болот.
Айта кетчү нерсе электр энергиясынын баасы көтөрүлсө сууга болгон, коомдук транспортко болгон төлөмдөр да көтөрүлөт. Себеби суу насос станциялары менен иштегендиктен электрди бир топ эле сарптайт. Буга байланыштуу Бишкек суу канал жана башка муниципалдык ишканалар тариф маселесин көтөрүшөт деп ойлойм. Мындай баалардын чынжырлуу көтөрүлүшү сомдун кунун жоготуусуна алып келип, инфляциянын негизинде эл алып жаткан маяналарына мурункудай тиричилик көрө албай калышы мүмкүн. Электр энергиясына баанын өсүшүнөн улам азык-түлүккө да баа өсүп кетиши мүмкүн. Ишкерлерге да өз таасирин берип, алар чыгашасын кыскартуу үчүн продукцияларына бааны көтөрөт.
Демек бизге электр энергетикада Камбар-Ата-1 ГЭСиндей чоң долбоор керек убагы. Совет убагынан бери эле келе жаткан бул долбоор ишке ашат деген үмүт менен жашашыбыз кажет. Ансыз да карапайым калк үмүт менен эле келе жатпайбы. Ошондой эле кыш мезгилинде кубаттуулук жетпей жатканын көрүүдөбүз. Жарыктын кезеги менен атайылап өчүрүлүшүн айтып, бийликти канчалык урушпасак да, мамлекетте башка арга болбой калды. Бийлик учурда каржы маселесин чечүү үчүн дүйнөлүк банк менен, каржы институттары менен сүйлөшүп, кошуна мамлекеттерди да тартууга аракетин улантууда”.
Эрнест Карыбеков – Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 10-15 жыл кетиши мүмкүн
«Кандай гана долбоор болбосун аны ишке ашыруу үчүн эсеп-кысабын так жүргүзүү керек. Бардык станциялардын санын, абалын байкап, расмиий айтылган дефицит 3 млрд кВт саат электр энергиясын да эске алыш керек. Чакан ГЭСтердин бардыгын куруп койсо да алар болгону 1.5 млрд кВт саат электрди берет. Ал станциялар 10 жылбы же 100 жылда курулабы белгисиз да. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга бир туруп 5 млрд десе кайра 6 млрд доллар каражаты кетет экен деген пикирлер айтылып жатат.
Коңшу мамлекеттер менен түзүлө турган келишимдин тегерегинде дагы далай талаштар болушу ыктымал. Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң бул долбоорду курууга 15 жылдай сарпталат. Анын 10 жылы куруу иштерине кетсе, калганы сууну толтурууга кетет. Камбар-Ата-1 ГЭСи Токтогул суу сактагычынын өйдө жагында жайгашып ага 5 млрд куб метрге сууну толтуруш керек болот. Төмөн жагындагы Токтогул ГЭСине да суу кетирип туруу керек болгондуктан ал сууну 5 жылга чейин толтурушубуз мүмкүн. Демек айтылып жаткан долбоорду ишке ашырууга кете турган 10-15 жылдын ичинде азыркы 3 млрд куб метр дефицит 6 млрд куб метрге чейин жетип калышы ыктымал.
Акыркы учурларда биз кыялданып «жашыл энергетика» деп көп айтып калдык. Чынында ал жашыл эмес батыштын эң кир, таштандысы деп айтсак болот. Илгери 90-жылдардын ортосунда, 25 жыл мурун биз батыштын либералдык эконмикасына кирип алып, «базар шарты болуш керек», «жеке менчик колго бериш керек», «мамлекет жаман кожоюн» деп жүрүп өлкөбүз, экономикабыз, энергетикабыз да талкаланып, кайра оңдоого да жарабай калды. Азыркы талкаланган мамлекеттик системаны оңдоонун бир эле жолу – тарифти көтөрүү деп жатышат. Бирок саясий экономиянын классикалык мыйзамы боюнча электр энергияны арзан бериш керек.
Эгерде биз экономикабызды өстүрөбүз десек, Кыргызстанда арзан, конкуренттүү товар чыгарып, ага кошумча бааны кошуу менен казынаны толтуруу керек. Бул аракеттер ишке ашуусу үчүн биз арзан энергоресурстарды беришибиз шарт. Иш жүзүндө ишканалар үчүн электр энергиясын беш сомдон кылып, азыркы система менен бардыгын талкалашты. Базарга барсак азык-түлүктөн баштап продукциянын бардыгы чет өлкөлөрдөн келген. Азыркы күчөп бараткан көйгөй бир эле энергетиканын же экономиканын эмес жалпы улуттун көйгөйү. 2014-жылы Атамбаевдин убагында премьер-министр Жоомарт Оторбаев бааны 300 пайызга же 2 сом 16 тыйынга көтөргөнү менен оңолуп кеттикпи? Ар кандай долбоордун башын баштап, кредиттерди алганы алып коюп натыйжада элдин моюнуна жүктөп койгон болбойт”.
Калый Рахимов – Электрге бааны 7-8 айда дагы 30-40 тыйынга көтөрүш керек
“Тарифти көтөрүү чечими абдан туура болду, андан ары да көбөйтүш керек. Негизи электр энергиясына болгон бааны бир сомго 2015-жылы эле көтөрүш керек болчу. Доллар кымбаттаган сайын көтөрүп туруу кажет эле. Азыр май айында баасын көтөргөндөн 7-8 ай өтсө андан ары да 30-40 тыйын кошуу керек деп эсептейм.
Көп акча жумшап электр станцияларын курбаса азыр кубаттуулук жетпей жатат. Кошулган 23 тыйындан бюджетке жардам болмок. Камбар-Ата-1 ГЭСи 10 жылда курулуп, жалпы 3 млрд доллар керек деп жатышат. Бирок менимче Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери жылына жок дегенде 200 млн доллардан жумшап турса беш жылда куруп коюуга болот. Ал эми майда ГЭСтердин ар бирин эки-үч жылда тургузууга болот. Бирок ага атайын долбоорлор керек, долбоор түзүүгө биздин атайын институттар, тейлеген киши жок, азыр ар ким каалаганын кылып жатат.
Жылуулук станциялары, чоң ГЭСтер, күн жана атом станциялары да керек. Сутка бою толук кубаттуулукта иштеп, биздин энергетикага фундамент болуп берет эле. Атом электр станцияларын бүт дүйнө куруп жатат, болгону баасы кымбат болушу ыктымал”.