23-октябрда Бишкекте жарандык активисттер менен саясатчылар массалык баш аламындыкка даярдык көрүүгө айыпталып, камакка алынган. Алардын басымдуу бөлүгү бир күн мурда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине кирген. Дал ошол тапта социалдык тармактарда жана YouTube-каналдарда “бузукуларды камагыла” деген бир нече миң билдирүү пайда болгон.
Bulak.kg кастыкты козуткан бул билдирүүлөрдүн басымдуу бөлүгү чыныгы колдонуучулар тарабынан эмес, фейктер тарабынан жасалма жол менен көбөйгөнүн аныктады.
Жасалма талкуу
Бул тасмада улуу муундун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашкан. Алардын бири тасмага тартылуудан мурда бир нече күн толгонуп, ойлонгонун айтты.
“Садыр, сен бийликке президент болом деп келгенде “эмне десеңер ошону аткарам, жанымды берем” дедиң эле го. Ал эми кечөө келгенде эмне болдуң? Качып, бекинип келдиң го? Жаныңа Камчыны алып. Эмнеден коркосуңар?”, – деди ал.
Бул тасманын алдына кастыкты козуткан бир нече комментарий калтырылган:
Биз Кемпир-Абад суу сактагычын коргогондордун дарегине карата ушул сыяктуу терс пикирлердин басымдуу бөлүгүн чыныгы колдонуучулар эмес, фейк менен троллдор жасалма жол менен көбөйтүп жазганын аныктадык. Ал үчүн интернетте калтырылган маалыматты электен өткөрүп, белгилүү бир сөздөр аркылуу сууруп алып чыккан Semanticforce аттуу атайын программаны колдондук.
Программанын тиешелүү бөлүмүндө социалдык тармактарда көбүнчө терс билдирүүлөрдө камтылган “бузукулар”, “камагыла”, “батышчылдар” ж.б. сөздөр аркылуу издөө салдык.
Жыйынтыгында 2020-жылдын 1-октябрынан 1-ноябрына ар кандай жаңылыктын алдына жалпы жонунан 16 миңден ашуун комментарий чыкты.
Система көрсөткөндөй, активисттерге каршы терс пикирлер октябрь айынын башында эле жарыяланып келген. Ал эми массалык камоо учурунда жана андан кийинки күндөрү (23, 24, 25-октябрда) ар кандай YouTube-каналдарда миңдеген комментарийлер пайда болгон.
Окшошкон билдирүүлөр
Ошол эле системанын жардамы менен бир эле автор ондогон билдирүүлөрдү калтырып атканын көрүүгө болот.
Мисалы, Улан Аскаров аттуу колдонуучу үч ар кандай YouTube-каналдын жаңылыгынын алдында 96 ирет окшош пикирин билдирген.
Билдирүүлөрдүн уникалдуу номери (чат ID) жана жарыяланган убактыларын салыштырып, колдонуучу бир эле текстти бир убакта бир нече ирет калтырганын биле алабыз.
Ал эми Chyngyz аттуу колдонуучу бир текстти 69 ирет жазууга жетишкен.
Ушундай эле терс пикирлерин Калбу Халиева, Минавар Калматова, Ayash, Nazira Ysmaiylova, Tiletbubu Solpybashova, Кундуз Акматова, Katya Bbb, Scorpion 7 аттуу жана жүздөгөн башка авторлор калтырган.
Бул комментарийлердин баарында “бузукуларды камагыла” деген негизги билдирүү камтылган.
Манипуляциянын натыйжалуу ыкмасы
Манипуляциянын “кайталоо” аттуу түрү эң натыйжалуу ыкмалардын катарына кирет.
Кайталоо — белгилүү бир символду же ураанды кайра-кайра кайталоо. Кайталоо джингл же бардык жерде жайгаштырылган сүрөт түрүндө болушу мүмкүн. Булак — Коул, 1998, бб. 210-312.
Кыргызстанда фейк-фабрикалардын ишмердүүлүгү тууралуу буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр жасалган.
Opendemocracy басылмасынын иликтөөсүндө мындай фабриканын мурунку кызматкери анонимдүү интервью берген:
“Бизде болгону бир эле жөнөкөй эреже бар болчу: комментарийлер канчалык көп болсо, ошончолук жакшы […] мен бир посттун алдына ар кандай аккаунттар менен ондогон комментарий калтырчумун. Башкача айтканда өзүм менен өзүм сүйлөшчүмүн. Негизинен “Клооп”, “Азаттык”, 24.kg, “АКИпресс” деген сайттардын постторуна пикир калтырчумун.
Ар бирибизде бирден телефон жана пачка симкарталар бар болчу. Алар менен биз социалдык тармактарда каттоодон өтчүбүз”.
Президенттик администрациянын кандай тиешеси бар?
Кайрадан октябрь окуяларына кайтып келсек. 12-октябрда активист Атай Бейшенбек өзүнүн “Фейсбук” баракчасына президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдон келген билдирүүнү жарыялаган.
Анда чиновник активистке анын буга чейин соцтармак аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге болгон кайрылуусунун скриншотун жөнөткөнүн көрүүгө болот. Орунбеков скриншоттун алдына “Камаш керек муну. Астына коммент жазып, мисалы, кыргыз-өзбек мамилесин буза турган, анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы”, – деп жазган билдирүүсүн көрүүгө болот.
Дайырбек Орунбеков 24.kg журналисттерине Атай Бейшенбекке watsapp тиркемесинен жазганын тастыктады. Бирок улут аралык кастыкты козутуу тууралуу Атай Бейшенбекке эмес, башка жарандарга карата жазылганын кошумчалаган.
Ал эми активист Атай Бейшенбектин айтымында Дайырбек Орунбеков ага адашып жазып алган.
Мындан туура 10 күн өткөн соң активист камакка алынган.
Дал ушул тапта соцтармактарда күмөндүү авторлор миңдеген окшош, терс комментарийлерди калтырган.
Эске салсак, Дайырбек Орунбеков соңку жылдары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп келген жана бажыдагы коррупциялык иштерди иликтеген иликтөөчүлөрдү сынга алган.
Мындан тышкары, Орунбековдун ысымы Kloop басылмасынын иликтөөсүндө айтылат. Журналисттер анын Матраимовдордун кланын коргогон фейк-фабрикага тиешеси бар экенин аныкташкан. Үстүбүздөгү жылдын август айында Орунбеков президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Анын бул кызматка дайындалышы коомдо, анын ичинде журналисттер арасында кызуу талкууларды жараткан.
Оппоненттерди “натыйжалуу” каралоо
Фейктер азыркы тапта дагы өзүнүн ишмердүүлүгүн активдүү улантып келет жана активисттерге, саясатчыларга, бейөкмөт уюмдарга жана эркин медиаларга карата терс имидж түзүүнүн үстүндө иштешет.
Акыркы үч айда оппоненттерди каралоого багытталган “бузукулар” “гейлер”, “батышчылдар”, “Азаттык жабылсын”, “чыккынчылар” деген сөздөр камтылган комментарийлерден бир гана You-Tube- каналдарда дээрлик 27 миң билдирүү калтырылган.
Бул билдирүүлөрдү калтырган колдонуучулардын басымдуу бөлүгү Кемпир-Абадды коргогон активисттерге сын айткан колдонуучулар экенин Semanticforce ситемасы тастыктады.
Система миңден ашуун автордун ысымын чыгарып берди, алардын көпчүлүгү ар кандай You-Tube каналдарда бир нече ирет бирдей пикирин окурман-көрөрмандарга таңуулаган.
Фейктерге таянган кооптуу
Кыргызстанда фейктер тууралуу буга чейин бир нече журналисттик иликтөөлөр чыкканына карабай, фейк-фабрикалар ишин токтоткон жок. Тескеринче, активдүү иштеп аткан учуру.
Kloop.kg басылмасынын журналисти Айдай Иргебаева 2019-жылдан тарта фейктердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп келет. Ал биздин редакция интервью берип, саясатчылар шайлоо алдында берген убадаларын, элдин көйгөйүн чечүүнүн ордуна көбүн эсе фейктердин колдоосуна ыктаганын айтат:
«Саясатчылар мындан улам фейктердин жазгандарына ишенип, чын эле элдин колдоосуна арзыдым деп ойлошот. Бирок бул кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн. Мисалы, 2020-жылы деле ошол кездеги президент, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялар фейк-фабрикалары болгон үчүн эл аларды колдоп атат деп ишенишкен. Бирок чынында андай болгон жок. Президент дагы, жеңип чыккан партиялар дагы кетүүгө аргасыз болду. Бул фейктерге муктаж болгон, аларга ишенген саясатчылардын чоң катасы”, – дейт ал.