Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 54 жашка толду. Ал 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, юрист адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1986–1987-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1987–1989-жылдары — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1989–1995-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
1996–2000-жылдары — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;
2000–2002-жылдары — «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;
2002–2005-жылдары — «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;
2005–2007-жылдары — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
2007-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;
2008–2009-жылдары — Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;
2009–2010-жылдары — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;
2010–2013-жылдары — Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
2020-жылдын октябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын премьер-министри, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу.
2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президенти.