
Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жүргүнчүлөрдү Boeing 737-800 учактары 30-октябрдан тарта тейлеп келишет.
Айтылган убакыттан бери Шарм-Эль-Шейхке 3 чартердик каттам аткарылып, төртүнчүсү кечээ, 29-ноябрда, аткарылды.