Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге нааразылыгын билдирди.
Депутат айым журналист Болот Темировдун өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганын, Кемпир-Абад келишимине каршы добуш бергендерге кысым жүрүп жатканын айтты.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев Темировдун чыгарылышына эч кандай тиешеси жок экенин, бардыгын шаардык сот чечкенин белгиледи. Парламенттеги депутаттардын арасында оор кылмыштарга шектелип жаткандары да бар экенин, алдыда аларга кылмыш козголсо, кайрадан мыйзамсыз кылдыңар деп айыптабагыла деген пикирин кошту.