Советабад биздики эмес. Андай документтерди таба элекпиз, – Назирбек Бөрүбаев

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара сызыгы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1961-жылдын 30-мартындагы токтомунун негизинде макулдашылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия жаңыдан ишин баштаганда да тараптар 1961-жылкы документке таянууга макул болушкан.

«Бул документте Кыргыз ССРи Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен чек ара тилкелерин бекиткен», – деди ал.

Назирбек Бөрүбаев ошондой эле комиссия Советабад участкасынын Кыргызстанга тиешелүүлүгү боюнча архивдик документтерди таппаганын белгиледи.

«Советабад биздики эмес. Андай документтерди таба элекпиз. Белгилүү болгондой, Шахимардан боюнча да ушундай эле талаш-тартыш болгон, бирок анда Сох анклав болуп калмак эмес. Ал эми кошуналардын Бүргөндү массивине дооматтары болгон. Анан 1961-жылдагы документтердин негизинде Шахимардан Өзбекстандыкы, Бүргөндү Кыргызстандыкы деген чечим кабыл алынган», – дейт Назирбек Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, профилдик комитет эки документти – чек ара боюнча жана Кемпир-Абадды ратификациялоо үчүн кароодо. Кечээ Өзбекстан Республикасынын парламенти бул документтерди Кыргыз Республикасы менен ратификациялады.

Эске салсак, 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эл депутаттарына жалпысынан Кыргызстанга 19 миң гектардан ашык жер, Өзбекстанга 4 миң 485 гектар Кемпир-Абад акваториясы калганын билдирди.

Кемпир-Абад суу сактагычы (Өзбекстанда Анжиян деп аталат) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Анжиян областынын кошулган жеринде жайгашкан. Ал 1983-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулган.

1973-жылы Өзбекстан жердин компенсациясын берген – Кыргызстанга 4100 гектар жер берилген. Жазы, Куршаб, Кара-Дарыя суулары Кемпир-Абадга куят. Суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү. Анын аянты 4 миң 400 гектарды түзөт. Максималдуу толтуруу көлөмү 1,9 куб километрди түзөт. Кезинде Өзбекстанга ижарага берилген.