Дагы бир депутат TikTok социалдык тармагын жабууну сунуштады

Бүгүн, 16-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын иштешине тыюу салууну сунуштады.

Кыдыкбаевдин айтымында, TikTok тармагында кыргыздын менталитетине туура келбеген нерселерди чыгарышууда.

«TikTok тармагынан көрүп жатасыңар, ар кандай жарнамалар чыгып жатат. Кээ бири баңгизатты, аракты жарнамалап, өзүлөрүнүн денесин көрсөткөндөр дагы бар. Ошол жактан балдарыбыз көрүп жатат, кандай таасир этерин ойлонуп, анализдеп жатасыңарбы.

TikTok тармагын жаап деле койсо болбойбу», — деп кайрылды Кыдыкбаев.

Буга чейин дагы бир депутат Надира Нарматов аталган социалдык тармакты Кыргызстанда жабууну сунуштаган.