Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту.
Төмөндө кайрылууну өзгөрүүсүз беребиз:
Урматтуу Садыр Нуркожоевич,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарандарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө эмес, анын ичинде мамлекеттик колдоонун катышуусу менен, тескерисинче, жарандардын ассоциациялар (биригүү) эркиндигине болгон укуктарын өзүм билемдик менен чектөө жана жарандык коомдун уюмдарын мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону күчөтүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынын басмырлоочу долбоорун (мындан ары — мыйзам долбоору) илгерилетүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарынын кепилдиги катары Сизге кайрылабыз.
Мыйзам долбоорунда чагылдырылган ченемдер басмырлоочу, концептуалдык жактан туура эмес болуп саналат жана адамдын биригүү эркиндигине болгон укуктардын негиз салуучу принциптерин түп-тамырынан бузууда. Бул чектөөчү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын тарыхында болуп көрбөгөндөй болуп саналат, ал биздин региондогу “демократия аралы” деп саналып келген.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ошондой эле биригүү эркиндигине болгон укук жөнүндө эл аралык стандарттарга ылайык келбейт. Алсак, мыйзам долбоорунун ченемдерине ылайык:
- 2-берене коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюм түшүнүгүн камтыйт, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясында да, Граждандык кодексинде да мындай аныктама каралган эмес. КР Граждандык кодекси юридикалык жактардын эки гана түрүн аныктайт: коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, демек, мыйзам долбоору КР Граждандык кодексинде каралбаган юридикалык жактардын түрүн жөнгө салат. Мыйзам долбоорун кабыл алган учурда “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар” түшүнүгүн колдонууга жол берилбейт, анткени “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдери менен карама-каршы келген учурларда мыйзамдардын ченемдери кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонулушу мүмкүн.
- 13-берене өкмөттүк эмес уюмду түзүүдө төмөнкүдөй чектөөлөрдү камтыйт:
- чет өлкөлүк жактар жана жарандыгы жок адамдар өкмөттүк эмес уюмдун уюштуруучулары боло алышпайт. Кыргыз Республикасы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (ЖСУЭП) 22-беренеси биригүү эркиндигине болгон укукту бардыгы үчүн тааныйт, чет өлкөлүк жактарга өкмөттүк эмес уюм түзүүгө тыюу салуу бул беренени бузат, анткени “бардыгы” деп КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр түшүнүлөт. Ушундай эле аныктама КР Конституциясынын 36-беренесинде камтылган (Ар бир адам Биригүү эркиндигине укуктуу).
- КР “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылган КР жарандары, коомдук жана диний уюмдар. Бул чектөө негизсиз, анткени бул мыйзамдардын ченемдерин негизинен бардык юридикалык жактар (анын ичинде коммерциялык уюмдар) бузушу мүмкүн, мында чектөө коомдук жана диний уюмдарга гана тиешелүү. Бул чектөө ЕККУ/ДИАУБ жана Венеция комиссиясы тарабынан 2015-жылы иштелип чыккан Бирикмелердин эркиндиги боюнча жетектөөчү принциптердин 5-принцибине карама-каршы келет, ал коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда бирдей мамилени аныктайт, анткени мындай чектөө коммерциялык уюмдардын уюштуруучулары үчүн каралган эмес.
- уюштуруучулардын минималдуу саны 10 түзөт, эгерде уюштуруучулар жеке жактар болсо. Өкмөттүк эмес уюмдардын уюштуруучуларынын минималдуу санын 10 жаран деп аныктоо максатка ылайыксыз жана негизсиз (эмне үчүн 9, 8, 5, 1 эмес?). “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык ченем жаратуу иши принциптерге, анын ичинде максатка ылайыктуулук жана негиздүүлүк принциптеринде ишке ашырылууга тийиш, башкача айтканда кандай болбосун чектөө негиздүү жана максатка ылайык болуушу керек.
- 17–берене өкмөттүк эмес уюмду каттоодон баш тартуунун негиздеринин бири -жарандардын адеп-ахлагын, улуттук жана диний сезимдерин кемсинткен уюмдун аталышын аныктайт. Бул жерде юридикалык белгисиздик орунга ээ (кемсинтүүнү ким аныктайт? Канча жаранды кемсинтет? 2 жаранды кемсинтүү жетиштүүбү?).
- 27-берене Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айрым түрдөгү өкмөттүк эмес уюмдардын киреше булактарына чектөөлөр белгилениши мүмкүн. БУУнун тынч чогулуштарга жана ассоциацияларга укуктар жөнүндө атайын баяндамачысынын баяндамасына ылайык (баяндаманын номери A/HRC/23/39) бирикмелердин ата мекендик, чет өлкөлүк жана эл аралык булактардан ресурстарды издөө, алуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү биригүү эркиндигинин ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат.
- 35-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту өкмөттүк эмес уюмдун ишмердигинин уюштуруу документтеринде, уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган максаттарга ылайык келишин контролдоо максатында Прокуратура, Юстиция министрлигинин жана салык кызматынын органдарына өкмөттүк эмес уюм тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө мүмкүндүк берет. ЖСУЭПтин 17-беренесине ылайык мамлекет бирикменин ички иштерине кийлигишүүдөн баш тартууга жана анын жеке турмушунун кол тийбестигине болгон укугун сыйлоого милдеттүү.
- Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 8-бөлүгү өкмөттүк эмес уюмдарды каттоо мөөнөтүн 30 күн деп белгилейт, ал эми коммерциялык уюмдарды 3 жумушчу күндүн ичинде каттайт.
- Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 2-бөлүгү Прокуратура органдары, Юстиция министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан сотко арыз берүү жолу менен өкмөттүк эмес уюмдарды мажбурлап жоюуну аныктайт. Бул органдар тарабынан арыз берүү үчүн негиздер 35-берененин 4-бөлүгүндө аныкталган: КР мыйзамдарын бузуу; уставдык максаттарды системалуу түрдө бузуу жана мыйзам долбоорунда каралган маалыматтарды өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан белгиленген мөөнөттө бербегендиги. Бул чектөөлөр пропорционалдуулук принцибин бузат, анткени мажбурлап жоюу көздөлгөн мыйзамдуу максатка пропорционалдуу болууга тийиш жана дээрлик жумшак чаралар жетишсиз болгон учурда гана колдонулат. Отчеттордун жана башка маалыматтардын берилбеши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын анча-мынча бузуулардын болушу мажбурлап жоюуга алып келбеши керек, бул өкмөттүк эмес уюмдардын милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн өлчөмсүз жоопкерчилик.
- Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 2-бөлүгүндө айрым түрдөгү өкмөттүк эмес уюмдар алектенүүгө укуктуу болгон иштин түрлөрүнө чектөөлөр каралган. Иштин айрым түрлөрүн чектөө менен бул ченем өкмөттүк эмес уюмдардын укук жөндөмдүүлүгүн чектейт, ал түзүлгөн учурдан тартып пайда болот жана КР мыйзамында каралган учурларда жана тартипте гана чектелиши мүмкүн (КР Граждандык кодексинин 84-беренеси). Тиешелүү түрдө мыйзамда өкмөттүк эмес уюмдардын укуктук жөндөмдүүлүгүн чектөө кандай учурларда мүмкүн экендиги жана тартиби көрсөтүлүшү керек, антпесе биз юридикалык белгисиздикке дуушар болобуз.
- Мыйзам долбоорунун 3-бөлүгүндө калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына, жарандардын укуктарына жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына шек келтирген өкмөттүк эмес уюмдарды түзүү жана алардын иши үчүн куугунтуктоо каралган. Бул ченем да юридикалык белгисиздикти камтыйт, адеп-ахлак маселелери укуктук ченемдерге караганда моралдык ченемдерге көбүрөөк кирет, анткени калктын адеп-ахлагына кол салууну баалоо кыйын. Бир топ үчүн адеп-ахлак болгон башка топ үчүн адеп-ахлаксыз болушу мүмкүн.
- Мыйзам долбоорунун 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2023-жылдын 1-майына чейин катталган бардык коммерциялык эмес уюмдар 2023-жылдын 31-декабрына чейин кайра каттоо процедурасынан өтүүгө милдеттүү (Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык бүгүнкү күндө 22 000ден ашык коммерциялык эмес уюм бар). Мыйзам долбоорунун талаптарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтпөй калган учурда 2024-жылдын 1-январынан тартып коммерциялык эмес уюм жоюлду деп эсептелет (37-бер. 5-б.). БУУнун тынч чогулуштарга жана ассоциацияларга укуктар боюнча атайын баяндамачысынын баяндамасына ылайык (баяндаманын номери A/ HRC/20/27) каттоо уруксат алуу үчүн экзамен катары каралбашы керек. Тактап айтканда, уюмду түзүүдө уруксат берүүчү эмес, кабарлоочу тартип колдонулушу керек жана жаңы кабыл алынган мыйзамдар буга чейин катталган бирикмелерди кайра каттоону талап кылбашы керек.
Демек, мыйзам долбоору эл аралык стандарттарга ылайык келбейт, анткени адам укуктарын ар кандай чектөөлөр: мыйзамдуу; максатка ылайыктуу; негиздүү, пропорционалдуу, демократиялык коомдо зарыл жана басмырлабаган болушу керек. Мыйзам долбоору өлкөбүздүн Негизги Мыйзамынын беренелерине карама-каршы келет, анткени КР Конституциясынын 23-беренесине ылайык:
- Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.
- Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт.
- Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
- Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
- Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.
- Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт.
- Тыюу салуулар боюнча Конституцияда белгиленген кепилдиктер эч кандай чектөөгө жатпайт.
Мыйзам долбоору мамлекеттик органдарга КЭУнун, ошондой эле Кыргызстанда иш жүргүзгөн чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ички иштерине кийлигишүүгө, ошондой эле мыйзамдарды анча-мынча бузгандыгы, уставга ылайык келбеген иштерди жүргүзгөндүгү жана отчетторду жана башка маалыматтарды мөөнөтүндө берүү боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн аларды жоюу боюнча кеңири укуктарды берүүнү сунуштайт.
Ошондой эле, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу коррупциялык кесепеттерге алып келерин белгилей кетүү керек, анткени көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда көзөмөлдөө органынын кызматкерлеринде автоматтык түрдө дискрециялык ыйгарым укуктар жана коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери менен түздөн-түз жеке байланыштар пайда болот, алар коммерциялык эмес уюмдар тарабынан ушул мыйзамдардын сакталышын текшерүүдө коррупциялык түрдө ишке ашырылышы мүмкүн.
Бул басмырлоочу мыйзам долбоорун кабыл алуу жарандардын ассоциацияга (биригүүгө) карата укугу жаатындагы таанылган стандарттардан олуттуу четтөөнү билдирет жана өлкөнү демократиялык өнүктүрүүгө карата өзүнүн жактоочулугун жарыялаган Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин ак ниеттүүлүгүнө карата жок кылуу кыйын болгон шектенүүнү пайда кылат.
Мыйзам долбоорунун басмырлоочу мүнөзүн, анын өлкөнүн Конституциясына жана эл аралык милдеттенмелерге карама-каршы келүүсүн, ошондой эле коом үчүн терс кесепеттерин эске алуу менен, эгерде ал кабыл алынган болсо, биз Сизден Министрлер Кабинетине ушундай басмырлоочу мыйзам долбоорун чакыртып алуу тапшырмасын берүүңүздү өтүнөбүз.
Биз жарандык коом үчүн жагымдуу шарттарды өнүктүрүү жана мамлекет менен коммерциялык эмес сектордун ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү зарыл экендигине макулбуз. Ошону менен бирге биз бул өркүндөтүү ойлонуштурулбаган жана басмырлоочу мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу жолу менен эмес, жарандардын биригүү эркиндигине болгон укуктарын толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган колдонуудагы мыйзамдарды макулдашылган жана системалуу түрдө жакшыртуу менен ишке ашырылууга тийиш деп эсептейбиз.
Бул иштин негизги багыттарынын ичинде биз төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептейбиз:
- Адам укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүүгө, бул укуктарды натыйжалуу коргоо жана сактоо үчүн шарттарды түзүүгө, өлкөдө укуктук маданиятты жана адам укуктарынын маданиятын калыптандырууга багытталган мамлекеттин жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү. Укук коргоо уюмдары менен биргеликте иштелип чыккан адам укуктары жаатындагы иш-аракеттердин улуттук планы Кыргыз Республикасында мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын, адам укуктарын коргоонун улуттук системасын өркүндөтүү, ошондой эле калктын адам укуктары жана аларды коргоо механизмдери жөнүндө маалымдар болуусун жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарды карайт.
- Коммерциялык эмес уюмдар үчүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдар үчүн жана социалдык чөйрөдө иш жүргүзгөн уюмдар үчүн кайрымдуулук боюнча жеке жактарга салык кредитин киргизүү менен салык жеңилдиктери системасын киргизүү, ошентип өлкөбүздө меценаттыкты жана кайрымдуулукту өнүктүрүү.
Биз Сиз менен жарандык коом үчүн дээрлик жагымдуу шарттарды түзүү стратегиясын жана мамлекет менен коммерциялык эмес сектордун ортосунда натыйжалуу кызматташуу үчүн чечимдерди издөөнү талкуулоо үчүн жолугушууга даярбыз.
Урматтоо менен,
- Эркина Убышева, “Смарт Жаран ассоциациясы” ЮЖБ
- Гулшайыр Абдирасулова, “Кылым шамы” АУКБ
- Ильяна Жедигерова, “Прецедент Өнөктөштүк тобу” КБ
- Динара Ошурахунова, “Гражданские инициативы” КБ
- Сардар Багишбеков, “Голос свободы” КФ
- Асель Койлубаева, “Юристы за права человека” КФ
- Татту Мамбеталиева, “Гражданская инициатива Интернет политик” КФ
- Гульгакы Мамасалиева, “Интербилим” ЭБ КБнын Оштогу филиалы
- Бакыт Сатыбеков, “Альянс по продвижению гражданских инициатив” КБ
- Айдар Сыдыков, “Центр защиты общественных интересов” КФ.