Активист Күрөнов куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кетти

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу кайрылуусун ал  Facebook баракчасына жарыялады.

Ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Тилекмат Күрөновдун пикиринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери — ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз буйруктарды аткарып жатат.

«Кечээ активисттерди, саясатчыларды тинтүү, кармоолор болуп, бийлик биздин сүйлөшүүлөрдү жаздырып, монтаж кылып, бийликти кулатууну, төңкөрүш жасоону каалаган адамдар катары ашкерелешти. Биз суу сактагычтын берилишине каршы гана чогулганбыз», — деди активист.

Ошондой эле, ал 26-октябрда Бишкекте өтө турган улуттук улуу жыйынга катышарын белгиледи.

Тилекмат Күрөнов «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» күнөөлөнүп, 1 жылга, ошондой эле «добуш сатып алууга» айыптуу деп табылып, дагы 6 айга, жалпы 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө ачылган кылмыш ишти куугунтук катары баалаган. Активист жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.