Чек ара кызматкеринин башына ок тийип, ал комада

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдиргендей,  21-октябрь күнү «Чалдыбар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери, 2001-жылы туулган Ж.А. башына ок тийип жаракат алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.

Аскер кызматкери Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымдарында абалы оор деп бааланып, комада жатат.

Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөргө кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат.