
Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга иш сапары жыл аягына чейин болот. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган медиа-форумда билдирди.
Артыкбаевдин айтымында, бардык эки тараптуу документтер макулдашылып, кол коюуга даяр.
«Иш сапардын күнүн макулдашуу гана калды», — деди ал.