Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

«Жергиликтүү тургундар ар кандай маалыматтарды айтып кайрылып жатышат. Протоколдук келишимдерге кол койгондон кийин дагы жолугушууларды өткөрүш керек да. Ушундай маалыматтар чыгып жатат деп.

«Окоп казып атат, курал-жарак алып келип жатат» деп айткандан кийин өткөндөгү окуя болду. Ушул боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эки тараптан кайгуул кызматы журүп жатат, ошого карабай ушундай болуп жатат. Азыр балдар, аялдар кетип, эркектер эле калдык деп жатышат. Ошондуктан көбүрөөк ошол жакка көңүл буруп керек, министрликтер эл аралап жүрүш керек», — деди Өмүрзаков.