Абакта отурган адам жасалма акча даярдаган: Ал жарым миллиард сум чыгарганга жетишкен

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда абакта отурган адам жасалма акча даярдаган. Ал жарым миллиард сумга жакын акчаны басып чыгарганга жетишкен.

Маалыматка караганда, 12-октябрда Касан районунда жумушсуз жаран 500 млн сум жасалма акчаны 125 млн сумга сатууга аракет кылган. Ал 200 млн жасалма сумду 50 млн сумга сатып жаткан учурда милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

473b5030abe69891b9dad0dde0edf0f1 Абакта отурган адам жасалма акча даярдаган: Ал жарым миллиард сум чыгарганга жетишкен

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү акчаны Касан районунун эки тургунан алганы аныкталып, ал экөө тең кармалган. Ошол эле учурда ал эки жаранга жасалма акчаны 2020-жылдан бери Камаши районундагы абакта отурган адам жөнөткөнү белгилүү болгон. Абактагы адам акчаны аялы жана жашы жете элек уулу аркылуу жөнөткөн.

Акчаны даярдоодо колдонулган принтер менен кагаздар алынган.