Бактыбек Бекболотов, министр: “Чек ара боюнча туура эмес чечим кабыл алсам, түрмөдө отурмакмын”

«Эгерде мен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча туура эмес чечим кабыл алган болсом, бул жерде отурмак эмесмин. Муздак жерде же абакта отурмакмын», – деп Коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында сынга ушинтип жооп берди.

Ал белгилегендей, социалдык тармактарда Баткен облусуна басып кирүүгө даярдануу керектиги тууралуу билдирүүлөр көп.

«Жыл башындагы биринчи басып алуудан кийин кагылышуулар муну менен бүтпөй турганын түшүндүк. Биз даярданып жатканбыз. Алар машыгууда Баткен облусуна басым жасашты. 16-17-сентябрдагы аскердик өнөктүк Кыргызстанда аскерлер жана күчтөр бар экенин жана алар каршы күрөшө аларын көрсөттү. Биздин азыркы тарыхыбызда коңшу тараптан мынчалык масштабдуу чабуул болгон эмес.

Бүтүндөй мамлекеттик чек араны бойлой бир эле учурда Тажикстандын регулярдуу аскерлери эмес, деструктивдүү күчтөр, эл аралык террористтик уюмдардын бөлүктөрү да бир эле убакта биздин тарапка жөнөштү. Согуштук аракеттердин кол жазмасы, офицерлерибизге, солдаттарга жана прапорщиктерге болгон ырайымсыз мамиле, кесилген баштар… — мунун баары документалдуу далилдер.

Эгерде биз туура чечим кабыл албасак, анда мен силердин алдыңарда отурмак эмесмин. Же муздак жерде жатып, же түрмөдө отурмакмын. Биздин аскерлер татыктуу жооп кайтарышты, өз милдетин аткарышты. Албетте, жоготууларсыз болгон жок, биз аскерлерден жана карапайым калктан айрылдык.

Аскер адамы катары мен эки нерсени жек көрөм – чыккынчылык жана согуш аяктагандан кийин, «диванда» отуруп, кандай иш-аракет кылуу керек болгонун айтып берген эксперттер окопко отуруш керек болчу, бизди соттобой!», – деди Бекболотов.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Натыйжада Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Атышуудан 206 адам жабыркап, 63 адам каза болуп, Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.