Ала-Арчада калып калган адамга куткаруучулар жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында ӨКМдин 112 кызматына Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында 35 жаштагы К.И. аттуу эркек киши эки асканын ортосунда калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине №1 Аламүдүн райондук 3 куткаруучу тартылып, жогору аталган адамды чыгарышкан.
Жарандын абалы жакшы, жаракат алган эмес.