“Үйүндө машина же малы болсо жөлөк пул берилбейт”, – депутат

Жөлөк пулдарды берүү көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Мындай пикирин депутат Марат Мураталиев бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат берүүдө.

“Үйүндө машина же малы болсо берилбейт деген эреже алынды деп айтылган. Бирок эч кандай алынган жок. Азыр жер-жерлердеги тургундардын арыз-муңунун баары эле ошол маселе боюнча. Короосунда бир уй байланып турса же атасы пенсия алса да мурункудай эле жөлөк пул берилбейт экен. Кыйналып жаткан жарандарга берилиши керек да. Силер карапайым элди кыдырбайсыңар”, – деди депутат.

Андан сырткары элге азык-түлүк таратканда дагы байлар гана алып, ал эми чыныгы муктаждар, колунда жокторго тийбей калып жатканын билдирип, министр Базарбаевден ушул маселени көзөмөлгө алып, тартипке келтирүүсүн суранды.

Өз кезегинде Базарбаев эл менен жолугуп тураарын айтып өттү.

“Мен калктын аярлуу катмары менен жолугуп турам. Аларга мурункудай үйүндөгү телевизор, муздаткыч, килем сыяктуу буюмдар жөлөк пул алганга таасирин тийгизбейт деп айтып келем. Бирок, сиз айтып кеткен фактылар бар. Аны менен күрөшөбүз”, – деди Базарбаев.