Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиев ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

dos 0791 Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды

Иш-чарага Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери катышты.

Аземдин алкагында өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. Класстарды көрүү учурунда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды.

dos 1896 Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды

Өз сөзүндө Жапаров Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи. Ал эки элдин бекем достугун жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты айгинелейт. Анын пайдубалы эл аралык даражадагы тарыхый инсан, Азербайжандын улуттук лидери, урматтуу Гейдар Алиевич Алиев тарабынан түптөлгөн.

dst 4762 Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды
dos 1559 Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды
311573715 5482844571783739 2422077835538304668 n 1024x683 1 Гейдар Алиев атындагы мектеп: Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун баса белгиледи.