Прокуратура экологияны тескеген жетекчилерди кармады

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары жана башкармалыктын башчысы мамлекетке 100 миллион сом зыян келтирген деп кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-2019-жылдары агенттиктин (учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) кызмат адамдары калдыктардын коркунуч классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтери жок болгон ишканалардын өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга барышканы аныкталган. Натыйжада калдыктардын коркунуч классынын эң төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилеп, булгануу акысынын наркын төмөндөтүшкөн.

Мындан сырткары, алтын казуучу айрым ишканалардын талапка туура келбеген нормативдик-техникалык документтерин бекитип берип, мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн алкагында, 6-октябрда кылмышка шектүү катары министрликтин Мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы С.Б.С. жана агенттиктин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалган.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча айып тагылып, тергөө абагына киргизилген.