
Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште Аалымдар кеңеши кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат укту.
Парламентке муфтий Замир Ракиев, Аалымдар кеңеши жана мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкаров келип, аларга кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат айтылган. Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин тармактык комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берилген.