
Быйыл сегиз айда Кыргызстанга акча которуулар 1 млрд 919,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын сегиз айына салыштырмалуу ал 10,53%га көп.
Ошол эле учурда август айында Кыргызстанга акча которуулар 301,6 млн долларды түзүп, июлга караганда 31 млн долларга көбүрөөк акча которулган.