Садыр Жапаров жакында эле УКМК төрагасы Жогорку Кеңешке автомат менен кирип келгенине баа берди.
“Депутаттар “Баткен бүтө электе маалымат бергиле” деп чакырышкан экен. “Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен” деген сөздөр болуп, “Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат” деген сындар болуптур. Анан “мына силерге автомат” деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду”, – дейт президент Садыр Жапаров.
“Кабар” маалымат агенттиги