
Кайгуул кызматкерлери жоголуп кеткен жаш баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда, «102» кызматына Щербаков көчөсүндө жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматы тактаганда 1999-жылы туулган С.А. аттуу айым 2016-жылы туулган С.Н.аттуу баласын жоготуп издеп жаткандыгы аныкталган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде жаш баланы таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.