
Бул тууралу “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-5-октябрь аралыгында 1975-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы түтүктө газдын чыгуусун токтотуу боюнча иштер пландалып жатат.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт:
Фучик,
Чоң Чүй каналы,
Черепки 2,
Жибек Жолу.
Ошондой эле №7705 аскер бөлүгүндө дагы газ болбойт.