ИИМ: Алдамчылар жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачууда
Өлкө үчүн оор мезгилде Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430 ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Тилекке каршы мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы бар болууда.
Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз.
Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан.
Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.
ИИМдин Басма сөз кызматы