Президент Садыр Жапаров чек ара маселеси талаш жерлерди берүү менен чечилбей турганын жана ар бир сантиметр жер үчүн ар күрөшүү керектигин «Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
— Сиз 17 жыл мурун, биринчи жолу депутат болуп келгенде Жогорку Кеңеште чек ара маселесине жаныңыз күйүп, кийин кеч болуп калат деп чырылдап өтө эмоционалдуу түрдө көзү ачыктай эле билдирүү жасаптырсыз. Эми чек ара маселеси кандай болот? Сиз миллиарддаган акчаларды талап кылат деген экенсиз. Ал кезде президент Курманбек Бакиевге сунуштарды бериптирсиз. Азыр ошончо көп акча керекпи? Чек ара маселеси кантип чечилет? Же талаш жерлерди алар айткандай кылып берип салабызбы? Мүмкүн ошону менен талаш-тартыш да токтойт, курмандыктардын алдын алабыз (айла кеткенде айткан сөз да)
— 17 жыл мурун мен маселе көтөргөндө азыркы шахмат бетиндей болуп жайгашып калган үйлөрдү акырындап сатып алышып, уламдан улам бери жылып келе жатышканын көрүп айткам. Бирок ал кезде мени эч ким уккан эмес. Мен көзү ачык эмесмин. Терең ойлонгон адамга азыркы күнү болуп жаткан окуяларды талдап туруп эле 10-15 жылдан кийин кандай болоорун туюп-билип койсоң болот. «Кумтөр» темасын көтөргөндө деле ошол жылдары бизге өтпөсүнө көзүм жеткен. Анткени мафия күчтүү эле. Бирок 10-15 жылдан кийин акыры бизге өтөөрүн ошондо эле көргөм. Курманбек Бакиевге чек ара маселеси менен эле эмес, “Ошту убактылуу борбор кылып, чек ара маселелери чечилгенге чейин президент, өкмөт, парламент баш болуп беш-алты жыл ошол жакка барып иштеп туралы” деген сунуш айткам. Бул сунушумду парламентте да көтөргөм. Ошондо мени түндүктүк туугандар «түштүктүктөргө жагынып атат» деп жаман көрүшкөн. Бирок менин максатым ал кезде түштүктүктөргө жагыш керек эмес эле. Жалпы мамлекетибиздеги проблема алдын ала чечилсе деген ой-максатым бар болчу. Ошондо Курманбек Бакиев: «Садыр, мен өзүм түштүктөн болсом, Акаевдин ордуна келип олтурсам, анан борборду Ошко көчүрүп кетсем, түндүктүктөр туура эмес түшүнүшөт, бул маселени көтөрбөй эле койчу, суранам», — деп болбой койгон.
Ал эми талаш жерлерди берип эле салып маселени чечип салбайсызбы деген сурооңузга:
Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсыл жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат.
Ар бир сантиметр жер үчүн ар бирибиз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек.
Кыргызстандын жерлери сен экөөбүздүн менчик жерлерибиз эмес. «Ме» деп эле кармата салгыдай. Бул жерлерибиз үчүн ата-бабаларыбыз дагы канын, жанын аяган эмес. Биз дагы аябайбыз. Келечек муун дагы аябаш керек. Анткени биз ата-бабалардан ар бир карыш жерди келечек муунга мурас катары өткөрүп беребиз деп карызга алганбыз. Сенин да, менин да жерим эмес. Миңдеген жылдарга учугу улана турган келечектеги Кыргыздардын жери.