
7-сентябрда Бишкекте биринчи ата мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан «KUNAN TAITORU» супер унаасынын бет ачары болду.
Иштеп чыгуучулардын айтымында, унаа 6 жылдын ичинде толугу менен колдо чогултулган.
«KUNAN TAITORU» коммерциялык максатта чыгарылган эмес.
«Бул амбициялуу долбоор, кыялдан реалдуулукка», — дейт иштеп чыгуучу Медер Койлубаев.
Эскерте кетсек, 6 жыл ичинде колдо жасалган спорттук автоунаа бир эле биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө жасалган жалгыз уникалдуу унаа болуп эсептелинет.


