
Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.