Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды

 Видеону 2 айга камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу «Полит Узник» телеграм каналы билдирди.

Жекшеналиевдин үйүнө тинтүү иштери 18-августта саат 18:20да жүргүзүлгөн. Тинтүү иштери тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.