Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жабылуу аземи Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу жана Ислам шериктештиги спорт федерациясынын (ISSF) президенти, Сауд Аравиянын спорт министри Абдулазиз бин Турки эл-Фейсалдын катышуусунда өттү.
Анда Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медаль утту. Анын 8и алтын, 8и күмүш жана 15 коло медаль. Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи.