
Жаратылыш паркында фототузакка ак илбирс түшүп калган. Бул тууралуу «Кыргыз-Ата» жаратылыш паркынан билдиришти.
«Илбирс — «Кыргыз-Ата» жаратылыш паркында фототузакка түшкөн жаныбарлардын эң ириси»,-деп айтылат маалыматта.
Ак илбирс — кызыл китепке кирген жаныбар. Алардын популяциясына жеген тамагы таасир этет, алар аркар жана башка тоо жандыктарына ууга чыгышат.